ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ВРАЧ

ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ВРАЧ, ветеринар (лат. veterinarius, veterina — күч унаа) — ылаң малды дарылоочу, алдын алуу ж-а вет.-санитариялык чараларды жүргүзүүчү жог. билимдүү адис. В. в. адистиги вет. ин-тту же ф-тти бүтүргөн адамдарга ыйгарылат. Ал мал ылаңына каршы жүргүзгөн чаралары аркылуу адамды жугуштуу оорудан сактайт. В. в. малдын азык-түлүгүнүн санитариялык сапатына көз салат. СССР В. в-тардын саны б-ча дүйнөдө 1-орунду ээлейт.
ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ДАРЫЛОО, к. Терапия.