ВЕСТ-ИНДИЯ

ВЕСТ-ИНДИЯ (англ. West Indies — Батыш Индия) — Атлантика океанын-да, Түн. ж-а Түш. Америка материк-теринин аралыгындагы аралдардын жалпы аты. В.-И. жаа сымал 3500 км аралыкта созулуп жатат. В.-И-га Багам аралдары, Антиль аралдары (Чоң ж-а Кичи) кирет. Жалпы аянты 240 миң км2. Калкы 24 млн (1968), көбү негрлер ж-а мулаттар. Аралдардын рельефи өтө тилмеленген, тоолуу, бийикт. 3175 м ге (Гаити а-нда) чейин. Өчө элек ж-а өчкөн жанар тоолор көп; жер титирөөлөр болуп турат. Марганец, темир рудалары, хромит, асфальт, нефть, боксит, фосфорит кендери бар. Тропиктик-пассат климаты мүнөздүү. Түз жерлеринде маданий өсүмдүктөр, тоолорунда лавр ж-а ийне жалбырактуу токой өсөт. В. -И. а-дарынан Куба, Гаити, Доми-никан Респ-касы, Тринидад ж-а Тобаго, Ямайка, Барбадос мамлекеттери, о. эле Улуу Британия, Нидер-ланд, Франция ж-а АКШнын ээлик-тери орун алган. Х. Колумб В.-И. а-дарын ачканда (1492—1502), аны Азиядагы Индиянын бир бөлүгү деп жаңылыштык кетирген. Кийинчерээк Азиядагы Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн бул аралдар В.-И. деп атала баштаган.