ВЕСТФАЛЬ ТЫНЧТЫГЫ

ВЕСТФАЛЬ ТЫНЧТЫГЫ (1648) Европадагы Отуз жылдык согушту (1618—1648) аяктаткан. Ал эки дого-вордон турат: биринчиси Оснабрюк ш-нда Ыйык Рим империясы ж-а анын союздаштары м-н Швеция ж-а анын союздаштарынын ортосунда түзүлгөн; экинчиси Мюнстер ш-нда император союздаштары м-н Франция ж-а анын союздаштарынын ортосунда 1648-ж. 24-октябрда түзүлгөн. В. т. б-ча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар ш-н, Бремен, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдар-дын Элъзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан В. т. кальвинчилерди католиктер ж-а лютерандар м-н бирдей укукка теңеген. Испания ж-а Австрия Габсбург-дары жеңилсе да, В. т. Габсбургдар-дын күч-кубатын толук начарлата алган эмес. Вестфаль сүйлөшүүлө-рундө Франция өкмөтү Габсбургдар м-н мамилени оңдош үчүн көп нерсеге макул боло берген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *