ВЕСПАСИАН

ВЕСПАСИАН Тит Флавий (9—79) — Флавийлердин династиясын негиздөөчү, Рим императору (69—79). Император Клавдий м-н Нерондун тушунда Жог. магистратура ж-а командачылык аскер кызматтарын аткарган. Иудейде Римге каршы кыймылды баскан. Чыгыш легиондор император деп жарыялаган. В. империянын социалдык базасын чыңдан, провин-цияларга рим, латын граждандыгын кеңири таркаткан; жаңы салыктарды чыгарган, армияны кыскартып, мамл. каражатты үнөмдөө режимин орноткон, жердин көбүн император м-н мамлекеттин фондусуна берген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *