ВЕСНИНДЕР

ВЕСНИНДЕР — агалы-ини сов. архи-текторлор. Леонид Александрович В. (1880—1933). Петербург көркөм сүрөт академиясында Л. Н. Бену адан окуган (1901—09), Москвадагы Жог. тех. окуу жайы (1923—31) м-н Москва арх-ра ин-тунун (1932— 33) проф., Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. Виктор Александрович В. (1882—1950). Петербург-дагы Гражд. инженерлер даярдоочу ин-тта окуган (1901—12). СССР ИАнын акад. (1943). СССР арх-ра академиясынын алгачкы президенти (1939—49). СССР Жог. Советинин (1—2-шайл.) депутаты. Ленин ордени, башка 3 орден м-н сыйланган. Александр Александрович В. (1883—1959). Гражд. инженерлер даярдоочу ин-тта окуган (1901—12), СССР арх-ра ж-а курулуш академиясынын ардактуу мүчөсү (1956). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. В-динысмы сов, арх-ранын өсүү жолу м-н тыгыз байланыштуу. Москвадагы Киров көчөсүндөгү турак үйлөр (1908), Башкы почтамт имараты (1911), Мамл. көркөм музей (1913) зк-а Горький ш-н-дагы Снроткиндин үйү алар тарабынан курулган. Рев-ядан кийин алар Москва, Кострома, Саратов, Баку ж. б. ш-лардын ө. ж. курулуштары-нын арх-ралык долбоорун түзүшкөн. В-дин программалык эмгектери — Эмгек Дворецинин имаратынын (1923), «Аркос» соода коом үйүнүн (1924), «Ленинградская правда» газетасынын филиалынын (1924) ж-а Ленин атн. китепкананын (1928) долбоорлору. 1929—32-ж. Днепр ГЭСинин, Харьков театрынын ж-а Москвадагы Ленин атн. з-ддун, Мад-т дворецинин долбоорун түзүшкөн. 1933—36-ж. Советтер Дворецинин эки вариантын, Оор ө. ж. эл комиссариатынын имаратынын долбоорунун бир нече вариантын жараткан. Архитекторлор союзу уюштурулган күндөн алар анын президиумунун мүчөлөрү болгон. В. сов. арх-рага негиз салгандардын катарында турат.
Ад.: Ч и н я к о в А. Г., Веснины, М., 1970.