ВЕРШИНИН

ВЕРШИНИН Константин Андреевич [21. 5(3. 6). 1900-ж. т.]—Авиациянын башкы маршалы (1959), Сов. Союз. Баатыры (19. 8. 1944). 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1919-жылдан Кызыл Армияда, Гражд. согуштун катышуучусу. Жуковский атн. Аскер-аба академиясын (1932), учкучтар курсун (1935) бүткөн. 1932-жылдан ААКта штабдык ж-а командирлик кызматта. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде Түш. ж-а Закавказье фронт-торунун ААКга, 4-аба армиясына командачы. 1946—49-ж. ААКтын башкы командачысы ж-а СССР Куралдуу Күчтөр министрине орун басар. 1949—51-ж. ААКтын башкы командачысына орун басар. Андан кийин Аба чабуулунан коргонуу аскерлерине командачы. СССР Жог. Советинин (2, 4—7-шайл.) депутаты. 1952—56-ж. КПСС БКнынмүчөлүгүнө кандидат, 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Төрт Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 3 Кызыл Туу, үч 1-дараж. Суворов ордени, бир нече медаль ж-а чет өлкөлүк ордендер м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *