ВЕРХАРН

ВЕРХАРН Эмиль (21. 5. 1855— 27. 11. 1916) — бельгиялык акын, драматург ж-а сынчы. Французча жазган. Лувен ш-нда укук ф-тетин бүтүргөн. «Фламандыктар» (1883) аттуу алгачкы ырлар жыйнагы В-дын акындык атагын чыгарган. В. элдик көтөрүлүш м-н рев-ялык кыймылды жаңыны жаратуучу күч катары баалаган. Чыг-ларынын эң көрүнуктүүсү— «Таң» пьесасы (1898). Ал сов. театр-ларда бир нече жолу коюлуп, Маяковский тарабынан жогору бааланган. В. сынчы катары Рембрандт, Рубенс, Шекспир, Расин, Гюгонун, франц. ж-а бельгиялык символисттер-дин чыг-лары ж-дө жазган. Россияда В-дын чыг-ларын 1906-жылдан А. Блок, В. Брюсов, М. Волошиндер которгон.
Ад.: Луначарский А. В., О театре и драматургии, т. 1, М., 1958.