ВЕРТОЛЕТ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

ВЕРТОЛЕТ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ — вертолеттун бир же бир нече алып жүрүүчү винтин жүргүзүүчү авиац. кыймылдаткыч. В. к. поршендүү ж-а аба-реактивдуу кыймылдаткыч болот. Вертолет учуп көтөрүлөрдө ж-а ко-нордо кубаттуулукту жогорулатуу үчүн ракета кыймылдаткычы да пайдаланылат. Кээ бир вертолёттордо самолеттун бир валдуу турбовинттүү кыймылдаткычы колдонулуп келген, бирок анын ордуна көп кыймылдат-кычтуу вертолёттордо эки валдуу турбовинттуу кыймылдаткыч пайдаланылып жатат. Бул кыймылдаткыч вертолеттун күч берүүчү установка-сынын жакшы ж-а ишенимдүү иштешин камсыз кылат. Алып жүрүүчү винтке реактивдүү жүргүзгүч да колдонулушу мүмкүн. Бул учурда ай-ландыруучу күч оор ж-а татаал трансмиссиясыз тике эле алып жүрүүчү винттин калактарына берилет. Ал күчтү винттин калактарына орнотулган автономиялуу реактивдүү кыймылдаткычтар же калактардын учтарына орнотулган сопло тешикте-ринен атылып чыккан газдын (кысылган абанын) агымы пайда кылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *