ВЕРТИКОВ

ВЕРТИКОВ Алексей Георгиевич (3. 3. 1922-ж. т., Орлов обл., Ловин р-ну, Козинка кыш.)—Даңк орденинин толук кавалери. Сов. Армияга Кырг-н-дын Москва р-нунан чакырылган. В. 3-дараж. Даңк орденин (11. 8. 1944) Польшанын Владова ш-н бошотууда алган. Залечина жериндеги салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 2-дараж. (4. 3. 1945), Германиянын Брядиков ш-н алуудагы сал-гылаштардагы баатырдыгы үчүн 1-дараж. Даңк ордени (15. 5. 1946) берилген. «Кызыл Жылдыз» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. ВЕРТОВ Дзига [чын аты-жөнү—Денис Аркадьевич Кауфман, 1896— 1954] — сов. кинорежиссёр-документалист, дүйн. ж-а сов. документ киного негиз салгандардан. Гражд. согуштун материалдары б-ча «Революциянын жылдыгы» (1919), «ВЦИК агитпоез-ди» (1921), «Граждандык согуштун тарыхы» (1922) деген фильмдерди жаратты. В. негиздеген «Киноправда» аттуу тематикалык документ киножурналы 1922—25-ж. чыгып турган. В-дун негизги документ фильмдери: «Кадам шилте, Совет!» (1926), «Дүйнөнүн алтынчы бөлүгү» (1926), «Энтузиазм» (1930), «Ленин тууралуу үч ыр» (1934) ж. б. Ал документ кинонун теориялык маселелерин да иштеп чыккан.
Ад.: Абрамов Н. П., Дзига Вертов, М., 1962.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *