ВЕРНЫЙ ГРУШОВКАСЫ

ВЕРНЫЙ ГРУШОВКАСЫ — алманын жайкы сорту. СССРдин көп жеринде кездешет. Суукка чыдамдуу, мол түшүмдүү. Мөмөсү кичине, салм. 20 г, түсү көбүнчө сары, даамы кычкыл-таттуу. Жаңы бойдон желет, как кур-гатылат, кыям, консерва, шарап жасалат. Каз-ндын Алматы обл-да В. г. 5—6 жылдыгында мөмө байлап, мол түшүм берет. Кырг-нда Чүй ж-а Талас өрөөнүндө өстүрүлөт.