ВЕРНИСАЖ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВЕРНИСАЖ (фр. vernissage—лак жа-латуу) — көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу түрдө ачылышы. ВЕРОНЕЗЕ (өз аты-жөнү — Кальяри) Паоло (1528, Верона —19. 4. 1588, Венеция) — италян сүрөтчүсү, Соңку кайра жаралуу доорунун реалист сү-рөтчүлөрүнүн бири. Вероналык сүрөтчү А. Бадиледен таалим алган. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), о. эле Верона, Виченца, Мантуя ж-а Падуя ш-ларында иштеген. Алгачкы чыг-ларын (1540—50) Микеланжело, Рафаэль, Коррежо, Тициандардын сү-рөттөрүнүн таасир инде жараткан. Венеция респ-касынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даңазалаган май боек м-н тарткан сүрөттөрү та-бынуучулук имараттардын дубалдарына ж-а плафондоруна кадалган. В. тарткан образдар алыбеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаңдуу келет («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575—77; «Венеция салтанаты», 1578—1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү). В-нин фреска-ларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Ма-зерадагы Барбаро-Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар м-н пейзаждарга айкалышып кетет. Станковый сүрөттөрүндө («Канндагы никелешүү», 1563, Па-риждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши» 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук галерея) адам м-н тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылат. Бирин-эки портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини— Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. В-гө Кайра жаралуунун өкүлдөрүнүн дүйнөгө көз карашындагы кризистин таасири тийип, соңку чыг-ларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен: «Европаны уурдоо», 1580, Венеция, Дождор двореци; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей. В-нин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло м-н Габриеле.
Ад.: Антонова И. А., Веронезе, М., 1957.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *