ВЕРНАДСКИЙ

ВЕРНАДСКИЙ Владимир Иванович [28. 2(12. 3). 1863, Петербург — 6. 1. 1945, Москва] — сов. табият изилдөөчү, минералог, кристаллограф ж-а геохимия, биогеохимия, радиогеология ж-а биосфера ж-дөгү илимдерге негиз салуучу. Петербург ун-тинин фнз.-матем. ф-тетин бүтүргөн (1885). А. Ульянов м-н бирге студенттердин народникчил кружокторуна катышкан. Москва ун-тинин доценти (1890), проф. (1898—1911). Падыша өкмөтүнүн реакц. чараларына нааразылык көрсөтүп, Москва ун-тинен кетип ■калган. Петербург ИАнын Геол. ж-а минералогия музейинин директору (1914). Россиянын табигый өндүргүч күчтөрүн изилдөө б-ча комиссияны түзгөндөрдүн бири ж-а пред-ли (1915 —30), өзү уюштурган Мамл. радий ин-тунун директору (1922—39). 1927-ж. СССР ИАнын Тирүү заттар бөлүмүн ачкан, ал 1929-жылдан Био-геохим. лаборатория, кийин Вернадский атн. Геохим. ж-а аналит. химия ин-ту деп аталган. В.— түбөлүк тоңду изилдөө б-ча комиссия (азыр ин-т) уюштургандардын бири. 1937-ж. В-дин демилгеси м-н Радиоактивдик метод м-н тоо тектердин жашын аныктоо б-ча эл аралык комиссия түзүлгөн. Ил. изилдөөлөрүндө силикаттар-дын түзүлүшү, сейрек ж-а чачыранды элементтердин геохимиясы, радиоактивдүү минералдарды издөө, геохим. процесстерде организмдердин ролу, минералдын пайда болуу теориясы, тоо тектердин абс. жашын аныктоо б-ча практикалык мааниси чоң ири ил. из. жүргүзгөн. В-дин каолин ядросунун ролу ж-а алюмосиликаттар-дын түзүлүшү ж-дөгү окуусу азыркы кристаллографиянын, ал эми парагенезис ж-а изоморфтук катарлар тууралуу көз карашы кен байлыктарды издөө методдорунун негизин түзгөн. Ал геохим. маселелерди чечүүдө Россияда 1-болуп спектр методун киргизген. Ил.-тех. рев-янын өнүгүшү В-дин биосфера ж-дөгү окуусунун чоң мааниси бардыгын аныктап жатат. Ил. жетишкендиктер м-н адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык м-н жаңы абалга — ноосферага, б. а. акыл-эс сферасына өтөт. Филос. ири жалпылоо болгон В-дин ноосфера ж-дөгү идеясы анын ил. ишмердигинин негизги эки багытынын (биогеохимия ж-а илимдер тарыхы) кошулган жеринде пайда болду. В-дин көп эмгектери табият таануунун омоктуу филос. проблемаларына арналган. Петербург академиясынын акад. (1912), УССР ИАнын 1-президенти (1919), Чехосл-я (1926), Париж (1928) И Аларынын мүчөсү. Мамл. сыйл. лауреаты (1943). Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. СССР ИА ж-а МГУда 1945-жылдан В. И. Вернадский атн. 2 стипендия, СССР ИАда В. И. Вернадский атн. акчалай сыйлык (1943-жылдан) ж-а алтын медаль (1963-жылдан) белгиленген.
Чыг.: О группе силлиманита и роли глинозёма в силикатах, М., 1891; Биосфера, т. 1—2, Л., 1926; Очерки геохимии, 4 изд., М.— Л., 1934; Проблемы биогеохимии, ч. 1—2, 4, М.—Л., 1934—1940.
Ад.: Академику В. И. Вернадскому к пятидесятилетию научной и педагогической деятельности, т. 1—2, Л.— М., 1936; Л и ч к о в Б. Л., В. И. Вернадский, М., 1948; М о ч а л о в И. И., В. И. Вернадский — человек и мыслитель, М., 1970.