ВЕРМОНТ

ВЕРМОНТ — АКШнын түн.-батышын-дагы Жаңы Англия штаттарынын тобуна кирген штат. Аянты 24,9 миң км2. Калкы 438 миң (1970). Админ. борбору — Монтпильер ш. В.— урба-низацияга аз учураган, экон. жактан өнүккөн штат. Анын аймагынын 18% айдоо, 11% жайыт, 64% токой. Экономикасынын башкы тармагы — а. ч., анын ичинен, сүт багытындагы мал (уй) өстүрүү. Ө. ж. начар өнүккөн. Бир аз жыгач ж-а металл иштетүү, токуу, кагаз ө. ж. бар. Асбест, мрамор, гранит ж-а жез казылып алынат.