ВЕРЕЩАГИН

ВЕРЕЩАГИН Василий Васильевич [14(26). 10. 1842, Новгород губ., Череповец ш.—31. 3 (13. 4). 1904, Порт-Артур гл.] — орус живописчиси, баталист. Алгач Петербург көркөм сүрөт академиясында (1860—63) А. Т. Марков м-н А. Е. Бейдемандан, кийин Парижде Ж. Л. Жеромдун өнөркана-сында (1864—65) таалим алган. Бир нече жолу Кавказга, Крымга, эки жолу Түркстанга (1867—68, 1869—70), эки ирет Индияга (1874—76, 1882) барган. 1877—78-ж. орус-түрк согушуна катышкан. 1884-ж. Сирия м-н Палестинаны, 1880—1903-ж. Америка, Япония ж-а Россиянын чет жакаларын кыдырып чыгат. 1904-ж. орус-япон согушуна катышкан. В. өзү күбө болгон согуш элестерин чагылдырган «Согуш апофеозу» (1871—72), «Чабуулдан кийин» (1881) ж. б. атактуу чыг-ларын жараткан. В-дин кар-тиналары документтик тактыгы, автордук ойдун ачык берилиши ж-а түстөрдүн карым-катнаштарынын ыргактуулугу м-н айырмаланат. В. турмуш чындыгын ырааттуу көргөзүүгө умтулган демократ-художник болгон. В-дин чыг-лыгында «Түркстан сериясы» (1871—74) өзгөчө орун ээлейт. Аталган серияга кыргыз жери ж-дө-гу көптөгөн тематикалык иштери [«Чүй суусу боюндагы кыргыз боз үйү», «Кыргыз көчү» (1869—70), «Куш кармаган кыргыз байы» (1871), ж. б.] ж-а этюддары («Барскоон өткөөлү», «Ала-Тоо аймагында», «Ысык-Көл» ж. б.) кирет. В. өз чыг-ларында кыргыз элинин турмушун, жаратылы-шынын кооздугун суктануу ж-а терең сый-урмат м-н тарткан.
Ад.: Лебедев А. К., В. В. Верещагин, М., 1958.