ВЕРЕЩАГИН

ВЕРЕЩАГИН Леонид Федорович [16 (29). 4. 1909—20. 2. 1977] — сов. физик, СССР ИАнын акад. (1966; корр. мүчө, 1960). Соц. Эмг. Баатыры (1963). 1934—39-ж. Харьковдогу физ.-тех. ин-тунда иштеген. 1939—54-ж. СССР ИАнын Орг. химия ин-тунда лабор-я башчысы. 1954-жылдан СССР ИАнын жог. басым лабор-ясынын директору (1958-жылдан СССР ИАнын Жог. басым физикасы ин-ту). МГУнун проф. (1953-жылдан). В-дин негизги ил. из. иштери, жог. басым астындагы катуу заттын физ. касиеттерин, түзүлүшүн, электр өткөргүч-түүлугун ж. б. изилдөөгө арналган. Ал жог. басым кезинде физ. чоңдуктарды (деформация, үндүн ылдамдыгы ж. б.) өлчөө методун иштеп чыккан. 1960-ж. СССРде 1-жолу В-дин жетекчилиги м-н жасалма алмаз алынган. Лениндик (1961) ж-а СССР мамл. (1952) сыйл. лауреаты, эки Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *