ВЕРЕСАЕВ

ВЕРЕСАЕВ (өз аты-жөнү — С м и д о-вич) Викентий Викентьевич [4(16). 1. 1867—3. 6. 1945] —орус совет жазуучусу. Петербург ун-тинин тарых-филол. ф-тетин (1888), Дерпт ун-тинин мед. ф-тетин (1894) бүткөн. Чыг-лары 1885-жылдан жарыялана баштаган. 1890-ж. легалдык марксчы-лардын тобуна кошулуп, жазгандары марксчыл журналдарга («Новое слово», «Начало», «Жизнь») чыгып турган. «Лжзар» (1899) аттуу аңгемесин В. И. Ленин жакшы чыгарма катары баалаган. Окт. рев-ясына чейин В. «Врачтын жазгандары» (1901), «Согуш жөнүндө аңгемелер» (1906), «Турмушка карай» (1909) деген көркөм чыг-лары ж-а Ф. М. Достоевский, Л. Н. Толстой ж-дө жазган эмгектери м-н аты чыккан. Окт. рев-ясынан кийин «Туюкта», «Эже-сиңди» роман-дарын, Пушкин, Гоголь ж-дө китептерди жазган, античный авторлордун чыг-ларын которгон. СССР мамл. сыйл. (1945) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
Ад.: Пушкиндин емүру, Фр., 1937; Собр. соч., т. 1—5, М., 1961.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *