ВЕРДИ

ВЕРДИ Жузеппе (10. 10. 1813—27. 1. 1901)—италиялык композитор. 7 жашынан муз. б-ча сабак алып, 15 жашынан увертюралар, фортепьяно үчүн пьесалар чыгарган. Ал дирижёр ж-а композитор В. Лавиньиден таалим алган. 1839-ж. Миланда анын «Оберто, граф Бонифачо» аттуу туңгуч операсы коюлат. В. 1842—49-ж. 13 опера жазган. Алардын ичинде «Эр-нани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849) ж. б. бар. 19-к-дын 50-жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) сыяктуу реалисттик психол. опералары анын атагын чыгарды. 80-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-ж. Каирде коюлган) операсын жазган. В. 15 жыл опера жанрына кайрылбай, 1886-ж. психол. муз. драманын жог. үлгүсү—«Отелло» операсын (1887-ж. Миланда коюлган) жараткан. Андан 26 опера, кылдуу аспаптар үчүн квартет, «Улут гимни», романс ж. б. чыг-лар мураска калган. Кыргыз опера ж-а балет акад. театрында «Отелло», «Травиата», «Риголетто» коюлган.
Ад.: С о л о в ц о в а Л., Джузепце Верди, М., 1966.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *