ВЕРБЕНА

ВЕРБЕНА (Verbena) — вербена тукумундагы бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. В. 30—60 гүл ачат, кеч күзгө чейин гүлдөйт, жалбырагы 3 бурчтуу келип, каршы-терши жайгашат, бийикт. 30—100 см. 200дөн ашык түрү бар. Американын тропик ж-а субтро-пигинде арбын өсөт. СССРде анын 4 түрү кездешет, өлкөнүн европ. бөлүгүнүн түштүгүндө, Кавказда, О. Азияда дарылык В. көп учурайт. Мурда В. медицинада дары катары колдонулган. Дары В-нын тамырын бадыраң туздаганда кошсо, анын даамы, жыты жакшырат. Теги Түш. Америкадан чыккан. В-нын гибрид формалары м-н сорттору 1 жылдык кооз өсүмдүк катары эгилет. Кырг-ндын шаарларын-дагы көпчүлүк гүлзарлар В. гүлү м-н кооздолууга.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *