ВЕНЦЛОВА Антанас

ВЕНЦЛОВА Антанас (7. 1. 1906-ж. т.) — литва совет жазуучусу, коомдук ишмер, Соң. Эмг. Баатыры (1974), Литва ССР эл жазуучусу (1965). Литва ССР ИАнын корр. мүчөсү (1949). 1950-жылдан КПСС мүчөсү. Литва ССР мамл. гимнинин текстин жазган. Чыг-лары 1925-жылдан жарыяла-на баштаган. Студенттик турмуштан алынган «Достук» (1936) романы, «Түн» (1939) аңгемелер жыйнагы В-ны антифашист жазуучу катары тааныткан. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде «Ата журт чакырыгы» (1943), «Алма бак бийик өскөн жерде» (1945) жыйнагы жарыяланган. Орусча чыккан «Тандалган ырлар» (1951) жыйнагы үчүн СССР мамл. сыйлыгы (1952), «Туулган күн» (1958) романы-на Литва ССР мамл. сыйлыгы (1960) берилген. В. СССР Жог. Советинин (1—5-гяайл.) депутаты. Ленин ордени, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.