ВЕНУ О ЛИС

ВЕНУ О ЛИС (өз аты-жөнү Ж у к а у с-кас) Антанас [26. З (7. 4). 1882— 17. 8. 1957] — литва совет жазуучусу, Литва ССР эл жазуучусу. Дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1910-ж. Москва ун-тинин мед. ф-тетин бүтүргөн. Литва ад-тына 1905-жылдагы рев-ядан кийин реалист жазуучу катары кирген («Түрмөдө», 1905; «Кавказ леген-далары», 1905—06). Ал Литва кыш-тактарындагы нааданчылыктын, кулактар зомбулугунун бетин ачкан «Сууга чөккөн аял» (1909), «Кайтып келдим» (1908) аңгемелерин, Литванын бурж. түзүлүшүнө каршы «Рак» повестин (1920), «Иңир» (1936) пьесасын, тарыхый темадагы «Жол айрылыптыр романын (1930) жазган. Литвада Совет бийлиги орногондон кийин «Асыранды кыз» повестин (1946), «Пуожюнастардын чарбагы» романын (1949) жаратты. 1957-ж. «Менин эе-керүүлөрүмдөн» китеби Жарык көргөн.