ВЕНТИЛЯТОР

ВЕНТИЛЯТОР (лат. ventilo — жел-пийм) — абаны же башка газды 12— 15 км/ле2 ден ашпаган басымда үйлөтүп берүүчү машина. В-дун борбордон четтөөчү, октук, туурасынан агуучу түрлөрү бар. В. имаратты ж-а кенди желдентүү, от жагылуучу меш агрегаттарына аба берүү ж-а андан түтүндү сыртка чыгаруу, материалдарды кургатуу, машина м-н механизмдердин тетиктерин муздатуу, чубурма ж-а булалуу материалдарды пневматикалык жол м-н ташуу, тех-нол. процесстерди жүргүзүү ж. б. үчүн колдонулат. Ө. ж-лык В-дон башка да ар түрдүү типтеги асма ж-а столго орнотулуучу В-лор бар.