ВЕНЕЦИЯ

ВЕНЕЦИЯ — Италиянын түн.-чыгы-шындагы шаар. Адрия деңизинин Венеция булуңунун жээгинде, Венеция обл. м-н Венеция провинциясы-нын админ. борбору. Калкы 367,6 миң (1970). Шаар 118 аралга жайгашкан. В-нын аймагына б. з. ч. 5-к-да калк отурукташа баштаган. Варвар урууларынын чабуулу кезинде (б. з. 4— 7-к.) калктын саны Италиянын материк бөлүгүнөн качкандардын эсебинен көбөйгөн. 6-к-дын орто ченинде азыркы В. жайгашкан аралды Византия караткан, бирок ал жер иш жүзүндө эч кимге көз каранды эмес бойдон калган. 7-к-дын аягы — 8-к-дыя башында аралда жамааттар пайда болуп, респ-ка түзүлгөн. 9-к-дын башында Риальто аралына түшкөн В. шаары 9—10-к-да Батыш Европа м-н чыгыштын ири соода борборуна, 4-крест казатынан (1202—04) улам Жер Ортолук деңиздеги империям айланган. 14—16-к-да В. империясы кургактагы бир топ жерди кошуп алган. 1797-ж. В-ны Наполеон Бонапарт басып алган. 1848—49-жылдагы рев-я кезинде В. респ-ка деп жарыяланган. 1866-ж. Вена келишими б-ча Италия королдугунун составына кир- ген. 1943—45-ж. В. Италиядагы немец фашист баскынчыларына Каршылык көрсөтуу кыймылынын ири борбору болгон. 1945-ж. 29-апрелде эл көтөрүлүшүнүн натыйжасында В. бошотулган. В-да кеме куруу, металлургия, химия ж. б. өнөр жай тармактары бар. Шаар — соода ж-а согуштук порт, т. ж. ж-а аба жолдорунун тоому. Ли-до а-нда белгилүү эл аралык курорт жайгашкан. Шаарда эзелки арх-ра-лык эстеликтер ж-а иск-вонун түрдүү коллекниялары кеп, ошон үчүн ага туристтер көп келет. Шаардын эко-номикасында туризм м-н мейманка-налардан түшкөн киреше маанилүү орунда. В-нын арх-расы 14—16-к-дан ка-лыптана баштайт. Кооздолгон чир-көөлөр, түстүү мрамор м-н жасалгаланган сарайлардын галереялуу фа-саддары, көп сандаган көпүрө-канал-дар, көчө жээктете курулган 3— 4 кабат үйлөр шаарга кайталангыс көрк берет. В-нын борборунда Сан-Марко Пьяңцасы (аянты) орношкон (829—832), Пьяцдетта аянты, Сан-Марко эски китепканасы (1536—83), Дождор сарайы (9—14-к.) да ошол ченде. Шаарды узатасынан кесип өткөн каналды бойлото салынган готика, ренессанс ж-а барокко стилиндеги имараттар, тарыхый эстеликтер, чпркөөлөр, музейлер, вокзалдар бар.
Ад.: Всеволожская С. Н., Венеция, Л., 1970.