ВЕНЕСУЭЛА

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВЕНЕСУЭЛА, Венесуэла Республикасы — Түш. Американын түндүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн Кариб деңизи ж-а Атлантика океаны чулгап жатат. Батыш ж-а түш.-ба-тышынан Колумбия, түш. ж-а түш. — чыгышынан Бразилия, чыгышынан Гайана м-н чектешет. Аянты 916,5 миң км2. Калкы 12 млн (1974). Борбору— Каракас. Админ. жактан В. федералдык (борб.) округдан, 20 штаттан, 2 аймактан, Кариб деңизиндеги 72 аралды бириктирген Федералдык ээлик-тен турат. Мамлекеттик түзүлүшү. В.— федерациялык респ-ка. Азыркы конституциясы 1961-ж. 23-январда кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы — президент,’ 5 жылга шайланат. Президенттин укугу чоң: ми-нистрлерди дайындайт ж-а бошотот, конгресске жетекчилик кылат, Мин. Советинин макулдугу б-ча конституциялык гарантияны буза алат; ал куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы ж. б. Бийликтин жог. органы — эки палаталуу парламент (конгресс), ал сенаттан ж-а депутаттар палатасынан турат. Шайлоого 18 жашка толгон бардык граждандар укуктуу. Жог. соту, апелляциялык ж-а округдук соттор бар. Мамл. желегин ж-а мамл. гербин к. Мамлекеттик Мамлекеттик герб макалаларынын таблйцасынан. Табияты. Өлкөнүн түн.-батышын-дагы Кариб деңизинин жээктери ой-дуңдуу; түн. ж-а түн.-чыгышы аска-зоолуу, Барселондон батышка карай лагуналуу; деңиз жээктеринде арал-дар көп. Рельефи негизинен үчкө бөлүнөт: түндүгү м-н түн.-батышын-да Анд тоолору, борб. бөлүгүндө Ориноко түздүгү (Льянос Ориноко), түш.-чыгыпшнда Гвиана тоо кыркапары. Кембрийге чейинки тоо тек-терде темирдин ири кендери бар. Маракайбо ойдуңунда нефть ж-а газ кендери бар. В-нын климаты суб-экватордук, жайы ысык, жаан-чачын-дуу, кышы кургак. Айлык орт. темп-расы 25—29°С, жаан-чачыны: түн.-батышында 280 мм, борб. бөлүгүндө 750—1200 мм, түш.-чыгышында 2000 мм, Кордильер-Мериданын түн. капталында 2000—3000 мм. Ири дарыясы — Ориноко. Айбанаттарга өтө бай: жалпак таноо маймыл, майда бугу, кумурска жегич, чопкутчан, ягуар бар; курт-кумурскалар, сойлоочулар да көп. Куштары: кара тумшук кытан, якана, агами, тоту ж. б. Да-рыяларында каймандар, электрлүү жылан балыктар ж. б. бар. Калкы. Негизги калкы венесуэла-лыктар (12 млн, 1974). Түш. бөлүгүндө жарым көчмөн индеецтер. Ориноко-нун куймасында варрау, батышында чибча, кариб, араван уруулары жашайт. Мамл. тили — испан тили; калкынын көбү католик дининде. В. калктын өсүшү б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда. Шаар калкы 75% (1969). Ири шаарлары: Каракас (шаар айланасы м-н 2,2 млн киши), Маракайбо (625 миң), Баркисимето (280,7 миң), Валенсия (217,4 миң). Тарыхый очерки. Байыртан бери В-нын аймагын алгачкы общиналык коомдун ар кайсы баскычында турган индеец уруулары мекендеп келген. 16-к-дан ис-паниялык конкистадорлор В-ны колония-лай баштаган. Бал камыш, пахта, тамеки плантацияларын түзүшкөн. Бир катар шаар курушкан. Африкадан негр кулдарды алып келишкен. Испаниянын колон. эзүүсү эл массасынын нааразылыгын пайда кылып, улуттук-бошт. кыймылын күчөткөн. 17-к-дын 2-жарымынан көтөрүлүштөр чыга баштаган. 1810-жыл-дан 1920-жылга чейинки улуттук-бошт. күрөштө В. Испаниянын эзүүсүнөн бошонгон. 1819-ш. Улуу Колумбия мамлекетинин составына кирип, андан 1830-ж. бөлүнүп, өзүнчө респ-ка болгон. Көз ка-рандылыктан кутулар замат В-да капитализм өнүгө баштаган. Капитализмдин өнүгүшү чет элдик капиталдын киришине шарт түзгөн. Көбүнчө АКШ м-н Англиянын капиталы кирген. Өлкөнүн улуттук байлыгын талоо үчүн чет элдик монополияларга,_чексиз мүмкүндүк берилген. (Ошол кезде В-да саясий 2 партия — помещиктердин таламын жактаган консер-ваторлор ж-а соода буржуазиясынын кызыкчылыгын көздөгөн либералдар партиясы пайда болот. Эки партиянын таймашы 19-к-дын 60-жылдарында гражд. согуш чыгарат. 1870-ж. бийлик либералдар-га өтөт. Шаар курулушу күчөп, т. ж. тармактары өнүгөт. Нефть табылышына байланыштуу чет элдик капитал күргүчтөп кирип, пролетариатты пайда кылат. Жашыруун профсоюз уюму түзүлүп, жумушчулар өз укугу үчүн күрөшө баштайт. Алдыңкы жумушчулардын щ-а ин-теллигенциянын арасына марксизм-ленинизм идеялары тарайт. 1931-ж. подпольеде Венесуэла компартиясы (ВКП) түзүлөт. 1936-ж. либералдык конституция кабыл алынып, профсоюзга уруксат берилет.В. 2-дүйн. согуш мезгилинде Германия, Италия, Япония м-н мамилесин үзүп, 1945-ж. февралда Германия м-н Японияга согуш жарыялады. Латын Америкасында согуш жылдары башталган демократтык кыймылдын таасири м-н В-да улуттук-бошт. кыймыл өнүктү. В-нын өкмөтү 1945-ж. мартта СССР м-н дипл. мамиле түздү. ВКП ачыкка чыкты. 1945-ж. октябрда мамл. төңкөрүш болуп, бийликке Демократтык аракет партиясы келип, баштагыдан бир кыйла демократиялуу конституция кабыл алды. 1948-ж. ноябрда америка нефть монополиясы колдогон аскердик хунта төңкөрүш жасап, бардык демокр. жеңиштерди жок кылды; В. СССР м-н дипл. мамилесин үздү. В-нын саясий ж-а экон. жактан АКШга көз каранды-лыгы күчөдү. АКШ 1956—57-ж. нефть чыгуучу 1 млн га жерди концессияга ал. ды. Бул болсо айрым социалдык катмар-лардын, асыресе улуттук буржуазиянын нааразылыгын туудурду. Куралдуу көтө-рулүштүн натыйжасында 1958-ж. аскердик хунтанын башчысы Хименес бийликтен кулап, бурж. демократия калыбына келтирилди, саясий партиялар ачыкка чыкты. Р. Бетанкурдун өкмөтү (1959 — 64) АКШнын монополиялары м-н кайра келише баштады. Президент Р. Леона (1964—68) Р. Бетанкурдун саясатын улантты. Социал-христиан партиясынын (1946-ж. негизделген) өкүлү Р. Кальдери-нин өкмөтү (1969—73) өлкөнүн улуттук мүдөөсүн сактоо үчүн бир катар чаралар жүргүздү, экономикада мамл. сектордун ролун күчөттү. 1970-ж. СССР м-н 1952-ж. үзүлгөн дипл. мамиле калыбына келтирилди. Бат. европ. өлкөлөр ж-а Япония м-н В-нын соода ж-а экон. байланышы кеңейди. Демокр. аракет партиясынын (1941-ж. негизделген) өкүлү К. Андрее Перес 1974-жылдын мартынан президенттикке шайланды. Саясий партиялары ж-а профсоюзу. С о ц и а л-х р и с т и а н партиясы (КОПЕЙ), 1946-ж. Улуттук аракет (1937-ж. түзүлгөн) партиясынын базасында түзүлгөн. Ири соода-банк буржуазиясынын, помещиктердин, католик чиркөөсүнүн мүдөөсүн көздөйт. Демократтык аракет (ДА), 1941-ж. негизделген, майда буржуазиячыл партия. Элдик шайлоо кыймылы 1967-ж. ДАдан бөлүнүп чыккан. Шаар калкынын ортоңку катмарын, студенттерди, жумушчулардын бир бөлүгүн камтыйт. В е н е-суэланын социалисттик партиясы 1945); Венесуэла-нын Коммунисттик партиясы 1931-ж. түзүлгөн. В. эмгекчилеринин к о н ф е-дерациясы, 1959-ж. негизделген. Эмгекчилердин бирдиктүү борбору, 1963-ж. прогрессчил профсоюз уюмдарынын биригүүсүнөн түзүлгөн. 1947-ж. Коммунисттик жаштар союзу түзүлгөн. Булардан башка бир катар уюмдар да бар. Экономикасы. В.— өнүгүп бараткан өлкө; нефть өндүрүү б-ча капит. өлкөлөр ичинде 2-орунда (АКШдан кийин). Ө. ж-нын негизги тармагы— нефть иштетүү. Маракайбо аймагынан нефтинин 77% өндүрүлөт. Нефть ө. ж-нын дээрлик баары чет өлкөлүк капиталдын менчиги, 1968-ж. газ өндүрүүнүн өлчөмү 7,8 млрд ж3 ге жеткен. Электр станцияларынын кубаты 2,5 млн кет (1967). 60-жылдар-дын башынан оор ө. ж. өнүгө баштады. Хим. ж-а нефть-хим. ири комплекстер, металлургиялык з-д куру-лууда. Цемент, металл иштетүү, тамак-аш, текстиль ишканалары бар. В-нын жеринин 2% гана иштетилет. Чабынды ж-а жайыты 18%. А. ч-да майда чарба басымдуу. Азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн жүгөрү, юкка, маниок, буурчак дандуулар эгилет. Жашылча бардык жеринде, картошка Анды тарапта, шалы Апура д-нын баш жагында өстүрүлөт. В-да 1974-ж. 8,8 млн уй, 1,5 млн эчки, 1,5 млн чочко, 0,4 млн жылкы, 0,5 млн эшек болгон. Ички жүк ташуунун 86 %ин автомобиль транспорту тейлейт. 1968-ж. 197,1 миң жүк ташуучу, 482 миң жеңил машина болгон. Нефть жүргүчтүн уз. 6,4 миң км, т. ж.—800 км (1966), автомобиль жолдору —40 миң км. Негизги порттору: Маракайбо, Амуай, Пунта-Кардон ж. б. Экспортко нефть, темир рудасы, кофе, какао, алмаз, цемент, байан чыгарылат. Импортно курал-жабдык, трансп. каражат, химикат, азык-түлүк алып келинет. Экспортун-да АКШнын үлүшү чоң. Саламаттык сактоосу. 1968-ж. ар миң кишиге төрөлгөндөр 39,5, жалпы өлүм 6,6, балдардын өлүмү тирүү төрөлгөн ар миң балага 44,3 болгон. Өмүрдүн орт. узактыгы — 60 жаш. Өлүмдүн негизги себептери (1964; ар 100 миң кишиге) — гастроэнтериттер (122), жүрөк оорулары (122). Өлкөдө акысыз мед. жардам ж-а мамл. дарылоо мекемелеринен башка жеке врачтар (25%) иштейт. 1968-ж. В-да 31,2 миң койкалуу 326 оорукана болгон. Ооруканалардан тышкары мед. жардамды 1490 дарылоочу мекеме көрсөтөт. 1968-ж. 8,6 миң врач (1120 кишиге 1 врач) иштеген. Врачтарды ун-ттердин 6 мед. ф-тети даярдайт. 1964-ж. 364 врач даярдаган. 1965-ж. саламаттык сактоого кеткен чыгым жалпы мамл. бюджеттин 15,9%ин түзгөн. Агартуусу (билим берүү системасы, илимий мекемелери). В-нын азыркы эл агартуу системасы 1949-ж. кабыл алынган эл агартуу маселеси ж-дөгү Убактылуу статутка негизделген. 1956-ж. мектепке чейинки бала тарбиялоо системасы киргизилген. Башталгыч мектепте окуу милдеттүү, акысыз. 1974-ж. элдин 23% сабатсыз болгон. Башталгыч мектепте окуу мөөнөтү 6 жыл (2 цикл — 4 ж-а 2 жыл). Аны бү-түргөндөр эки баскычтуу (3 ж-а 2 жыл) 5 жылдык орто мектепке (лицейге) кабыл алынат. Окуучулар 2 баскычта гуманитардык же табият таануу багытынын бирин тандайт. Кесиптик (профессиялык) даярдоо баштооч мектептин алгачкы 4 жылдык циклинде 3—6 жылда, орто мектептин 1-баскычында 4 жылда ишке ашырылат. Башталгыч мектеп мугалимдерин— 4 жылдык пед. окуу жай, орто мектеп мугалимдерин 4 жылдык пед. ин-т даярдайт. 1970—71-окуу жылында 10,5 миң башталгыч мектепте 1,8 млн, жалпы билим берүүчү орто мектепте 320,9 миң, кесиптик тех. мектептерде 168,6 миң окуучу, 1969-ж. жог. окуу жайларда 74,6 миң студент окуган. Ири ун-ттери: Каракастагы Борб. ун-т (1725), Андрее Бельо католик-тер ун-ти, Мериддеги Анды ун-ти (1785) ж. б. Каракаста Улуттук китепкана, Борб. ун-т китепканасы бар. Башкы музейлери: Боливар музейи, Улуттук пантеон, Жаратылыш таануу илимдеринин музейи, Азем өнөр музейи ж. б. 1882-ж. Венесуэла тил академиясы, 1888-ж. Улуттук тарых академиясы, 1904-ж. Улуттук мед. академия, 1917-ж. Физика, матем., табият таануу илимдер академиясы ж-а Саясий, социалдык илимдер академиясы түзүлгөн. Бир катар ил. борборлор 2-дүйн. согуштан кийин уюшулган. Басма сөз, радио уктуруу, телекөрсөтүү-сү. Мезгилдүү басма сөзү 1898-ж. пайда болгон. 1973-ж. В-да күнүгө 23 газета ж-а 354 башка мезгилдүү басма сөз продукциясы чыккан. Каракаста чыгуучу ири газета, журналдары: «Насьональ» (1943), «Универсаль» (1909), «Релихион», (1890), «Ультимас нотисиас» (1941), «Мундо» (1958), «Дейли жорнал» (1945), «Трибуна популар» (Компартиянын органы, 1948), «Элите» (1925), «Панорама» (1914). 1930-жылдан радио 6 тилде уктурулат. Биринчи телеборбору 1952-ж. негизделген, 145 радио ж-а 27 телестанциясы бар (1973). Адабияты. В. индеецтеринин Испания колониялап алганга чейинки ад-ты сакталган эмес. Кийинки ад-ты испан тилинде жарала баштаган. В. ад-тынын калыптанышына акын ж-а илимпоз А. Бель-онун (1781—1865) чыг-лыгы маанилүү роль ойногон. 19-к-дын 2-жарымында ро-мантикалык багыт үстөмдүк кылды (көрүнүктүү өкүлү Х. А. Перес Бональде, 1846—93). 20-к-дын башында Р. Б. Фом-бона (1874—1944) баштаган жазуучулар тобу натурализм багытындагы романдар («Америка новеллалары», 1904, «Алтын адам», 1915) жазышты. Гомес диктатура-сынын (1909—35) учурунда рев-ячыл жазуучулардын бир катары (Д. Санчес, 1851—1920; Х. Р. Покатерра, 1888—1955 ж. б.) камакка алынат. Катаал террорго карата элдин нааразылыгын чагылдырган прогрессчил ад-т күч алат. 50-жылдардан В. ад-тында тынчтык м-н демократияны коргоо идеялары өнүгүүдө. Архитектура жана сүрөт өнөрү. В-да жашаган индеецтердин байыркы иск-во-сунан таш ж-а аска бетине түшүрүлгөн ар түрдүү айбанаттар менен адамдын фи-гуралары сакталган. 16—18-к-да кооз чир-көөлөр, жыгач балкондуу, бышкан кыш ж-а таштан салынган үйлөр, шаарлар курула баштайт. 20-к-дын ортосунда азыркы арх-ралык стилдеги комплекстүү жаңы райондор, ансамблдер пайда болду. 19-к-да портреттик, жанрдык ж-а тарыхый сүрөттөр (М. Товар-и-Товар, А. Мичелена, К. Рохас) ж-а скульптура (М. Гонсалес) өнүгөт. 20-к-дагы В. иск-восунда реализм Т. Саластын тарыхый сүрөттөрүнөн, Ф. Брандт, Р. Монасте-риос, А. Реверондордун пейзаждарынан, П. А. Гонсалестин графикасынан айкын көрүндү. Живописчи Э. Полео, скульптор Ф. Нарваэс элдик стилдеги образдар жа-ратышты. Театры. Испан бийлиги улуттук театрдын өнүгүшүнө жолтоо кылып келген. 16-к-да Каракаста аздыр-көптүр оюн көрсөтүлүп турган. 1853-ш. биринчи жолу Маракайбодо венесуэлалык автордун «Уятсыз, сараң шана жалкоо»’деген ко-медиясы коюлган. 19—20-к-да профессионал театр өнөрү өнүгөт. 1942-ж. Театр досторунун коому түзүлгөн. 50-жылдарда бир нече театр мектеби ачылат. Каракас, Маракайбо, Баркисиметэ, Мерид ж. б. ш-ларда чакан театр труппалары иштейт. Аларда И. Грамко, Р. Пинеда, В. Франко ж. б. драматургдардын пьесалары коюлуп турат. Киносу. Улуттук кино 20-к-дын 30-жыл-дарында пайда болгон.1948—54-ж. Каракаста «Боливар фильм» киностудиясы иштеген. Жылына орто эсеп м-н 2—З толук метраждуу фильм ж-а кино хроника, документ ж-а реклама фильмдер чыгарылат. «Продуктора Авила фильме», «Христиан ван дер Ре», «Синематографи-ка Орбе» өндүрүштүк прокаттык фирма-пары бар. Көрүнүктүү кино ишмерлери: С. Энрикес, У. Петерсен, М. Лара, Р. Чальбауд ж. б.
Ав.: Венесуэла. Экономика, политика, культура. Сб. ст., М., 1967; Д е м у ш к и-н а Е. В., Венесуэла после 2-й мировой войны. 1945—1958, М., 1969; Фиге-р о а Ф., Венесуэла ХХ века (пер. с исп.), М., 1969; Шур Л. А., Художественная литература Латинской Америки в русской печати. 1960—1964. Библ., М., 1966.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *