ВЕНЕРА ООРУЛАРЫ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВЕНЕРА ООРУЛАРЫ (лат. Venus, Veneris — байыркы римдиктердеги сүйүү кудайы Венеранын атынан) —жыныс жолдору аркылуу жугуучу оорулардын (котон жара, гоноррея, жумшак шанкр ж-а чурайдын лимфогранулематозу) тобу. «В. о.» терминин 1527-ж. француз илимпозу Ж. де Бе-танкур кийирген. Бул оорулар байыртан (б. з. ч. 2500 ж. мурда) бери бир эле оору деп саналып келген. Козго-гучтары табылган соң ал оорулар өз-өзүнчө оору экендиги аныкталган. Кокусунан болгон жыныстык катнаш В. о-нын таралышын шарттайт. Натуура дарылоо В. о-н узакка создуктуруп, оорулууну эмгекке жарамсыз, кээде майып кылат. Гоноррея оорусунан аял-эркек тукумсуз болуп калат, аял дагы башка көп ооруга дуушар болот. Капит. өлкөлөрдө турмуштун оордугу, жумушсуздук, колон, согуш, алкоголизм сыяктуу социалдык себептер В. о-нын көп болушун шарттайт. Аларда мамлекет В. о-на учурагандарды эсепке албайт, акысыз дарылабайт. Бүткүл дүйн. саламаттык сактоо уюмунун атайын маалыматы б-ча 1956—67-ж. АКШда котон жаранын жаңы формасы ар 100 миң киши башына 4,1—10,8 эсеге, Францияда (1960—65) 5,5—9,3 эсеге, Норвегияда 2,7 эсеге, Швеция-да 5,1 эсеге, Данияда 9,4 эсеге көбөйгөн. 1915-ж. Россияда ар 100 миң кишинин 96сы котон жара м-н ооруган. Окт. рев-ясынан кийин биздин өлкөдө В. о. м-н күрөш мамл. масштабда жүргүзүлгөн. 1918-ж. В. о-на каршы күрөш үчүн Борб. мед. комиссия түзүлгөн. 1921-ж. Москвада Мамл. венерология ин-ту ачылган. Кийин мындай ин-ттар союздук респ-калар-да ж-а чоң областтарда уюштурулган. В. о-на каршы күрөшүү үчүн СССРде жалпыга бирдей форма ж-а метод иштелип чыкты. Анда В. о. м-н оору-гандарды сөзсүз эсепке алып, оору жуктургандарды табуу ж-а алар м-н байланышкандарды текшерүү жүргүзүлөт. Тамак-аш ө. ж-нын, мончо, чач тарач, балдар мекемелеринде иштегендер ж-а боюнда барлар котон жарадан алдын алуу максатында текшерилип турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *