ВЕНГРЛЕР

ВЕНГРЛЕР (өздөрүн мадъярлар деп аташат) — улут, Венгр Эл Респ-касынын негизги калкы (98,2% тен ашык). Жалпы саны 14 млн адам (1975). В. Югославия, Чехосл-я, Румыния, СССР (Батыш Украина), Канада, Аргентина, АКШ, Австрия, ГФР Ж. б. өлкөлөрдө да жашайт. Венгр тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгенде-ри—католик. Байыркы заманда Венг-риянын аймагында кельт уруусу, кийинчерээк готтор, гунндар, аварлар жашаган. 6-к-дан баштап славян уруулары жердей баштаган. 9-к-дын аягында Венгрияны көчмөн мадъяр-лардын угор уруулары басып алат. Алар адегенде Кама д-нын боюн, кийинчерээк Кара деңиздин түндүгүн-дөгү тоолорду мекендейт; андан соң печенегдердин кысымынан ал жерден да сүрүлүп кетет. 10-к-да түзүлгөн Венгрия мамлекетинин аймагында венгр эли калыптанат. Анын уюткусу — мадъярлар. 16-к-дын 1-жары-мында Венгриянын көп бөлүгүн түрктөр басып алган; кээ бир жерлери австриялык Габсбургдардын бийлигине өткөн. Ушул убактан баштап В-дин түрктөргө ж-а Габсбургдар империясына каршы улуттук көз каран-дысыздык үчүн күрөшү башталат. 19-к-дын 1-жарымында экон. ж-а саясий өзгөрүүлөр үчүн күрөш, 1848— 49-жылдагы рев-я В-дин улуттук аң-сезиминин өсүшүнө көмөк көрсөткөн. 1945-ж. элдик демокр. түзүлүштүн ор-нотулушу венгр улутунун соң. негизде өнүгүшүнө бардык шартты түздү. В-дин көбү ө. ж-да, дыйканчылык-та ж-а мал чарбасында иштешет.