ВЕНГРИЯ

ВЕНГРИЯ, Венгр Эл Республикасы (ВЭР) — Борб. Европадагы, Дунай алабынын борб. бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгү-нөн Чехосл-я, ба-тышынан Австрия, түштүгүнөн Югославия, чыгышынан Румыния, түн. — чыгышынан СССР м-н чекте-шет. В-нын терр-ясы аркылуу Европанын айрым өлкөлөрү өз ара да, Ж. Чыгыш өлкөлөрү м-н да байланышып турат. Аянты 93 миң км2. Калкы 10,6 млн (1976). Борбору — Будапешт ш. Админ. жактан 19 медьего (областка) бөлүнөт. Ал эми Будапешт, Дебреңен, Миш-кольц, Печ ж-а Сегед ш-лары — өзүнчө админ. бирдик. Мамлекеттик түзүлүшү. В.— соң. мамлекет, элдик респ-ка. Азыркы конституциясы 1949-ж. 20-августта күчүнө кирген. Мамл. бийликтин жог. ж-а закон чыгаруучу органы — жалпы, тике, жашырын добуш берүү м-н эл шайлоочу Мамл. чогулуш. Мамл. чогулуш башкаруу органдарынын структурасын, алардын иш шарттарын ж-а багытын аныктайт; закон кабыл алат, мамл. бюджетти, эл чарба планын белгилейт ж. б. милдеттер аткарат. Мамл. чогулуштун сессияларынын аралыгында анын милдетин Мамл. чогулуш шайлоочу Элдик Респ-ка-нын Президиуму аткарат. Мамл. чогулуш мамл. бийликтин жог. башкаруу органы — Венгр рев-ячыл жу-мушчу-дыйкандар өкмөтүн (Мин. Со-ветин) шайлайт. Мамл. бийликтин жерг. органдары — 4 жылдык мөөнөткө шайланчу областтык, шаардык, райондук (Будапештте) ж-а селолук советтер. Сот системасы: Жогорку, областтык, райондук ж-а аскер соту. Закондуулукту көзөмөлдөө Жог. (Ген.) прокурор башында турган прокуратура органдарына жүктөлгөн. Мамл. гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. ВЭР Орто-Дунай түздүгү-нүн эң чоң түн. бөлүгүн ээлейт. Дунайдын чыгышында Чоң-Орто-Дунай ойдуңу (Альфёльд) жатат. Анын Тиса ж-а Дунай д-лары аралыгындагы жеринин ж-а түн.-чыгышынын бийикт. 150—200 м, калган райондорунун 100 м ге жакын. Түздүктөр түн-дүгүнөн Карпаттын ички жанар тоо зонасына кирүүчү тоо тизмектери (бийикт. 800—1000 м) м-н чектешет. В-дагы эң бийик тоо—Кекеш, бийикт. 1015 м. Дунайдын оң жээкки бөлүгүн кокту-колоту өтө көп Дунантуль түздүгү (басымдуу бийикт. 150—200 м) ээлейт. Дунантулдун түш.-чыгыш бөлүгүндө Мечек массиви көтөрүлүп жатат (бийикт. 682 м ге чейин). Өлкөнүн түн.-батышында бийикт. 120— 180 м келген Кичи-Орто-Дунай аллювий түздүгү (Кишальфёльд) жайгашкан (В-га анын түш. бөлүгү гана тиешелүү). Венгриянын терр-ясынын 68% түздүк, 30% адыр тоолор ж-а 2% орто бийиктиктеги тоолор. Кен байлыктарынан нефть, газ, таш көмүр, боксит ж-а марганец рудалары бар. Балатон көлүнүн айланасынан арашан ж-а минералдуу суулар чыгат. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20° тан 22°Сге, январдыкы — 2°тан — 4°Сге чейин. Жылдык орт. темп-ра 9—11° С Жылдык жаан-чачыны 900 мм ден (түш.-батышында) 450 мм ге (чыгышында) чейин азаят. Ири дарыялары Дунай ж-а анын куймалары: Тиса, Раба, Шио, Драва. Өзөндөрү анча жыш эмес, ал эми кээ бир райондорунда (мис, Дунай м-н Тисанын аралыгы) жокко эсе. Дарыя суула-рынын деңгээли өтө тез өзгөрүп турат. Суу ташкынынан сактаныш үчүн 4000 км ге жакын дамба курулган. Климатынын кургакчылыгы өлкөдө ири сугат системасын курууга түрткү берген. В-да көл аз ж-а майда. Эң чоңу Балатон ж-а Фертё (Нёйзид-лер-Зе). Жеринин кыртышында кара топурак басымдуу. Тоолуу ж-а дөң-сөлүү райондордо токойлуу күрөң ж-а күлдүү карбонат, Тиса м-н Дунайдын өрөөндөрүндө аллювий топурак тилкеси жатат. В-нын терр-ясынын көпчүлүк бөлүгү айдалгандыктан токой жалпы аянтынын 13,5 %ин гана түзөт. Айбанаттары: коён, талаа чычкан, суур, түлкү, кирпи, талаа, токой, суу ж-а саз чымчыктары. Сууларында судак, чортон ж. б. балыктар бар. Калкы. Калкынын 96% венгрлер (мадьярлар). Алардан башка словак, румын, немец, хорват, серб, цыган ж. б. улуттар жашайт. Калкынын жыштыгы б-ча (1 вж2ге 111 киши) Европада 10-орунда. Шаар калкы 44,5% (1970). Тарыхый очерки. В-нын терр-ясын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. 9-к-дын аягында азыркы В-нын аймагында, Тиса м-н Дунайдын ортосунда ж-а Дунайдын аркы тарабындагы жерге көчмөн малчы венгр уруулары отурук-ташат. Иштван Гнин тушунда (997— 1038-ж. башкарган) венгр феод, мамлекети калыптанат. 1001-ж. ченде В. өзүнчө королдук болот. В-га католик үлгүсүндө-гү христиан дини кирет. Феод. эзүүнүн кучөшү дыйкандар кыймылын (1041—44), көтөрүлүшторүн (1046, 1061) чыгарат. В-нын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240—1241) ж-а феодалдардын ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-к-да өндүргүч күчтүн деңгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү ж-а товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1437—38-ж. Түн.-Чыгыш В-да ж-а В. ко-ролдугуна караган Трансильванияда дыйкандардын антифеод. көтөрүлүшү чыгат. 15-к-да В-ны түрктөр басып ала баштайт. Осмон империясына каршы согушта венгрлерге Я. Хуньяди кол башчылык кылат. Түрк аскерлери 1456-ж. Белград алдында жеңилет. Король Матьяш Хунья-динин (1458—99-ж. башкарган) тушунда борб. бийлик чыңдалып, Моравия, Силе-зия ж-а Чыгыш Австрия каратылат. 15-к-дын аягы — 16-к-дын башында феодал-дар мамлекетти кайрадан бөлүп-жарып, помещиктердин эзүүсү күчөйт. 1514-ж. Дьердь Дожа жетекчилик кылган дыйкандар согушу башталат. Адегенде ийгиликке жетишсе да, дыйкандар Темешвардын жанында феодалдардын бириккен күчүнөн жеңилет. 1526-ж. султан Сулайман I венгр жерин басып киргенде көтөрүлүш-төн корккон феодалдар дыйкандарга’ курал бербей коёт да, дворяндар армиясы Мохачтын жанындагы салгылашууда кыйрайт. В-нын ортоңку бөлүгүн түрктөр, батыш ж-а түн. жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Тран-сильвания княздыгы түзүлөт. 16—17-к-дарда венгр эли түрк баскынчыларга, Габ-сбургдарга каршы күрөшөт. 1686-ж. авст-риялык ж-а венгр аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл В-дан кууп чыгат. 1697-ж. В. королдугунун түн. бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-ж. крепостной дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону м-н Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-бошт. кыймыл башталат. Күрөшкө ири венгр феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеңилип калат. 19-к-дьш 30—40-ж. В-да капит. мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын ж-а мадт-тын өсүшүнө кедерги болгон Габсбург-дар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848— 49-ж. В-дагы бурж. рев-яны (көрүнүктүү жетекчилери — Л. Кошут, Ш. Пете-фп, М. Танчич) Габсбургдар орус падышасынын жардамы м-н басат (к. Венгрия* дагы. революция 1848—40). Жеңилгенине карабастан, ал рев-я феод.-крепостной мамилелерди жоюуга ж-а капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. Калың букаранын эзүүге каршы нааразылыгы күчөп, андан корккон Габсбургдар ж-а В-нын үстөмдүк кылган табы 1867-ж. ич ара бүтүм жасап, Австрия-Венгрия мо-нархиясын түзөт.Капит. эзүүнүн күчөшү ж-а пролетариат табынын өсүшү В-да жумушчу кыймылын пайда кылат. 60—70-жылдардын аягында В_да биринчи жолу жумушчулардын соң. уюмдары (Жалпы жумушчу союзу, I-Интернационалдын венгр сек-ппясы, Шайлоого укуксуздар партиясы, Жалпы жумушчу партиясы) түзүлөт. 1890-ж. декабрда Венгриянын с.-д. партиясы (ВСДП) негизделет. 19-к-дын аягында В-да капитализм империализм стадиясына өтө баштады. Венгр империализми саясий ж-а экон. жактан австриялык ж-а герм. империализмдин көзүн карап, алардын Валканда-гы кенже өнөгү болду. Россиядагы 1905—-97-жылдардагы рев-янын таасири м-н В-да жумушчу кыймылы жогорулады. 1-дүйн. согуш убагында (1914—18) В-нын бурж. өкмөтү, ВСДПнин оңчул тарабы шови-нлсттик пропаганда жүргүздү. Улуу Окт. соц. рев-ясынын таасири м-н В-да рев-ячыл ж-а улуттук-бошт. кыймыл күчөдү. 1918-ж. 31-октябрда жалпы иш таштоо башталып, ал бурж.-демокр. рев-яга өсүп чыкты. 1918-ж. 16-ноябрда В. респ-ка болуп жарыяланды. 1918-ж. 24-ноябрда В-нын компартиясы (ВКП) түзүлүп, ал жумушчу табынын ж-а эмгекчи дыйкандардын күрөшүнө башчылык кылды. 1919-ж. 21-мартта пролет, рев-ясынын жеңишинин натыйжасында Венгр Совет Республикасы жарыяланды. Бирок эл аралык буржуазия өлкөнүн ичиндеги реакциянын жардамы м-н 1919-ж. 1-августта В-дагы дролет. бийлигин кулатып, М. Хорти бабында турган фаш. диктатураны орнотту. :920-ж. Трианон тынчтык договору б-ча i-нын согуштан кийинки чек арасы аныкталды. Фаш. режимге каршы жумушчу табынын күрөшүнө ВКП подпольеден жетекчилик кылды. В. 1939-жылкы Антико-жпнтерн пактысына, 1940-ж. үч державанын (Германия, Италия, Япония) Пакты-:ына кошулду, 1938—39-ж. Чехосл-яны «■өлүп алууга катышты. 1938-ж-а 1940-?кылдагы Вена арбитражи б-ча В. Сло-ьакиянын (1938) ж-а Закарпат Украина-сынын (1938) бир бөлүгүн, Түн. Трансиль-ьанпяны (1940) алды. 1939-ж. мартта Закарпат Украинасынын калган жерин каратты. В. фаш. Германия м-н бирге 1941-ж. апрелде Югославияга, 1941-ж. акшда Сов. Союзуна кол салды. Венгр коммунисттери өлкөнүн фаш. блоктон чыгышы, СССРге каршы согуштун токтолушу, патриоттук күчтөрдүн демокр. биримдик фронту м-н фашизмге каршы куралдуу каршылык көрсөтүү кыймылын уюштуруу үчүн күрөштү. Фаш. өкмөт патриотторду террорлоп, көп сандаган коммунисттерди жок кылды. 1944-ж. 19-мартта В-ны немец фашист аскерлери басып алды. 1944-ж. майда ВКПнин демилгеси м-н Венгр фронту түзүлүп, ал улуттук көз карандысыздык үчүн өлкөнүн алдыңкы күчтөрүн баш коштур-ду. 1944-ж. күзүндө В-да Юдон ашуун партизандык отряд ж-а бирикме аракет кылып турду. 1944-ж. октябрда Сов. Армия В. терр-ясына кирди.1944-ж. 30-ноябрда ВКП В-ны демокр. кайра түзүү ж-а өнүктүрүү программасын жарыялады. 1944-ж. 2-декабрда В-нын Сов. Армия бошоткон терр-ясында (Сегед ш-нда) коммунисттердин демилгеси м-н Венгриянын көз карандысыз улуттук фронту түзүлдү. 1944-ж. 22-декабрда Деб-рецен ш-нда Улуттук убактылуу өкмөт түзүлүп, ал 28-декабрда фаш. Германияга согуш жарыялады. 1945-ж. 4-апрелде Сов. Армия В-ны немец фашист баскынчыла-рынан бошотту. ВКП ж-а Улуттук убактылуу өкмөт өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө ж-а элдик демокр. түзүлүштү орнотууга бет алды. Ошону м-н В-ны немец фашист баскынчылары-нан бошотуу убагында башталган рев-. янын жалпы демокр. милдеттери аткарылып, жалпы демокр. рев-ядан соң. рев-яга өтүү процесси башталды. 1946-ж. 1-фев-ралда В. респ-ка болуп жарыяланды. В-нын экономикасын калыбына келтирүүдө Сов. Союзунун жардамы маанилүү роль ойноду. ВКПнин 3-съездишга (1946, сент.— окт.) көрсөтүүсү б-ча чарбаны калыбына келтирүүнүн ж-а өнүктүрүүнүн З жылдык (1947—50) планы иштелип чыгып, Улуттук чогулушта кабыл алынды. 1947-ж’. августта парламентке шайлоодо ВКП 22% добуш алып, башкаруучу партия болуп калды. 1947-Ж. 21-ноябрда парламент ири баиктарды ж-а аларга таандык ишканаларды мамлекеттештирүү ж-дө закон кабыл алды; 1948-ж. мартта ЮОдөн ашык жумушчусу бар ишканалар мамлекеттештирилди. 1948-ж. 18-феврал-да достук, кызматташуу ж-а өз ара жардамдашуу ж-дө СССР м-н договор түзүлдү. 1948-ж. ВКП марксизм-ленинизм принциптери негизинде ВСДП м-н бирикти, анын натыйжасында Венгриянын эмгекчи партиясы (ВЭП) түзүлдү. 1948-ж. жайында жалпы демокр. рев-янын тынчтык жол м-н соц. рев-яга өсүп чыгуу процесси аяктады. В-дагы бүткүл бийлик толугу м-н жумушчу табынын ж-а эмгекчи дыйкандардын колуна өттү. Элдик-демокр. өкмөт пролетариат диктатурасынын милдетин аткара баштады. ВЭП социализмди куруу жолуна түштү. 1949-ж. 18-августта конституция кабыл алынды, ал эмгекчилердин социалдык-экон. жеңиштерин закон жүзүндө бекемдеди. Бул конституцияга ылайык В. элдик респ-ка деп жарыяланды. 1949-жылдын аягында эл чарбасын калыбына келтирүүнүн ж-а өнүктүрүүнүн 3 жылдык планы мөөнөтүнөн мурда аткарылды. 1949-жылдын декабрына карата В-нын ө. ж-нын дээрлик баары соң. негизге өттү. Беш жылдык пландын (1950—54) ийгиликтүү аткарылышы В-ны индустриялуу-агрардык мамлекетке айландырды. Соц. курулуштун жүрүшүндө ВЭПтин жетекчилери (М. Ракоши ж. б.) олуттуу кемчиликтер кетирди. Аларды ревизиячылар ж-а улутчулдар (1953—55-ж. премьер-министр болуп турган И. Над-дын тобу) өз максаттары үчүн пайдаланды. Реакциячыл күчтөрдүн калдыктары эл аралык империализмге ж-а И. Наддын реакциячыл тобуна таянып, контррев-ячыл козголоң (1956-н{. 23-окт.—4-нояб.) чыгарып, кандуу террорго өттү. Я. Кадар башында турган рев-ячыл жумушчу-дыйкан өкмөтү (1956-Нч. ноябрдын башында түзүлгөн) контррев-яга каршы активдүү күрөштү. Коммунисттер ВЭПти Венгриянын Социалисттик жумушчу партиясы (ВСЖП) кылып кайрадан түздү. В-дагы рев-ячыл күчтөр м-н Варшава договоруна (1055) ылайык В-нын терр-ясында турган Сов. Армиянын бөлүктөрүнүн биргелешип ара-кеттенүүсүнүн натыйжасында 1956-ж. ноябрда контррев-я талкаланды. ВСЖПнин 7-съезди (1959-ж., ноябрь — дек.) экинчи беш жылдык пландын (1961—65) директивасын бекитти. А. ч-сын коллективдештирүү аяктагандан (1961) кийин соң. өндүрүш мамилелери шаарда да, кыштакта да толук жеңип чыкты. ВСЖПнин 8-съезди (1962) өз че-чимдеринде өлкөдө социализм негиздери курулуп бүткөнүн жарыялады ж-а жа-кынкы 20 жылга экон. милдеттерди аныктап, соң. коомду толук куруп бүтүү программасын белгиледи. Азыркы В. өнүккөн соң. индустриялуу-агрардык мамлекет болуп калды. Элдик В-нын тышкы саясатынын негизги принциптери — соц. лагердеги өлкөлөр м-н достукту ж-а кызматташтыкты, социалдык системасы ар түрдүү мамлекеттер м-н тынчтыкта жашоо, элдер ортосундагы тынчтык ж-а достук саясатын чыңдоо. ВЭР жалпы ж-а толук куралсыздандыруу ж-дөгү СССРдин (1959, 1962) сунуштарын активдүү колдоду; Абада, космос мейкиндигинде ж-а суу астында ядролук куралдар сыноону токтотуу ж-дөгү Москва до-говоруна (1963), Ядролук куралдарды жа-йылтпоо ж-дөгу договорго (1968) кол койду. В.— СЭВдин (1949-жылдан) мүчөсү, Варшава договорунун катышуучусу (1955-жылдын майынан), ООНдун мүчөсү (1955-жылдын декабрынан). Варшава договоруна катышкан өлкөлөр м-н бирге В. Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык маселелер б-ча жалпы европ. кеңешме чакырууга демилге көтөрдү. В. 1968-ж. достук, кызматташтык ж-а өз ара жардам ж-дө соц. өлкөлөр м-н жаңы договорлорду түздү. Саясий партшыары, профеоюздары, коомдук башка уюмдары. Венгрия социалисттик жумушчу партиясы (ВСЖП), 1956-ж. ноябрда түзүлгөн. Ал — Венгрия компартиясынын (1918-ж. ноябрда түзүлгөн) му-расчысы. 1948-ж. июнда ВКП м-н Венгрия с.-д. партиясы биригип, Венгрия эмгекчилер партиясы деп аталган; 1956-ж. кайра уюшулуп, ВСЖП атын алган. 754 миң мүчөсү бар (1975). Ата Мекендик элдик фронт, 1954-ж. негизделген. Анын тарыхы антифаш. күчтөрдүн саясий бирикмеси катары коммунисттердин демилгеси м-н 1944-ж. түзүлгөн Венгрия фронтуиан, Венгриянын көз карандысыз улуттук фронтуиан башталат. Венгриянын көз карандысыз улуттук фронту 1949-ж. Венгриянын көз карандысыз элдик фронтуна айланган. Ал ВСЖПнин жетекчилиги м-н профсоюз, жаштар ж. б. коомдук уюмдарды баш коштуруп турат. Венгрия профсоюзу, 1898-ж. түзүлгөн. Жетекчи органы — Профсоюздардын бүткүл венгриялык совети (ПБВС) 1945-ж. декабрда негизделген. 4 млн-дой мүчөсү бар (1974). Профсоюздардын бүткүл дүйн. феде-рациясына кирет. Венгриянын коммунисттик жаштар союзу (ВКЖС), 1957-ж. мартта негизделген. Жаштардын бүткүл дүйн. федерациясына кирет. Тынчтыктын бүтк ү л венгриялык совети, 1949-ж. негиз- делген. В е н г р-с овет достугунун коому, 1945-ж. 9-июнда негизделген, венгр ж-а совет элдеринин достугун чыңдаганы үчүн 1975-ж. 18-мартта СССРдин Эл Достугу ордени м-н сыйланган. Экономикасы. Элдик бийликтин тушунда экономиканы кайра куруунун ж-а соң. пландуу өнүгүүнүн натыйжасында В. агрардык-индустриялуу өлкөдөн индустриялуу-агрардык мамлекетке айланды. 1950—70-ж. улуттук киреше орто эсеп м-н жылына 6% ке өскөн. 1969-ж. эл чарбасына жумшаган капиталдык салымдын жалпы көлөмү 1938-жылга салыштырганда 10 эсе (ө. ж-да 18 эсе) өскөн. Ал салымдар 1973-ж. 106,4 млрд форинт болгон. Соц. сектор ВЭРдин улуттук кирешесинин 98% берет (1969). В-нын экономикасынын өсүшүнө Сов. Союзу ж. б. соц. өлкөлөрдүн жардамы чоц роль ойноду. В.— СЭВдин активдүү мүчөсү. Өнөр жайы. Экинчи дүйн. согуштун алдында ө. ж. продукциясында машина куруунун үлүшү 15—17% кө жеткен. Металл, химия, отун, электр энергия ж. б. негизги материалдарды чыгаруучу тармактар начар өнүккөн. Соц. индустриялаштырууда машина куруу ж-а хим. ө. жайын өнүктүрүүгө көп көңүл бурулду. 1938-жылга салыштырганда 1970-ж. машина куруу 16, хим. продукция 27 эсеге көбөйгөн. Оор ө. ж. продукциясынын үлүшүнө ө. ж. продукциясынын 2/3 дейи туура келет (1939-ж. 2/5 бөлүгү). Иштеп чыгаруучу ө .ж. сырьёну аз керектен, квалификациялуу эмгекти көп талап кылган (мис, электротех., радиоэлектроника, прибор куруу, дары-дармек ж. б.) татаал буюмдар чыгарууга адистешкен. Өлкө минерал сырьё м-н энергетикалык ресурсна бай эмес. Гант, Искасентдьёрдь, Ньирад р-ндо-рунда боксит (чет элдик Европада 2-орунда), Рудабанья р-нунда сапаты төмөн темир рудасы, полиметалл, марганец казып алынат. Татабанья, Дорог, Орто Дунантулда күрөң кө- Будапешт. «Эржебет» көпүрөсү. мүр, Мечекте таш көмүр бассейинде-ри бар. Зала медьесинде, Альфёльд ойдуңунда нефть, газ кендери ачылган. 1973-ж. 268 млн г көмүр, 1977 миң т нефть, 4086 млн л*3 табигый газ өндүрүлгөн. Зала медьесинде ж-а Сазхаломбатта ш-да («Достук» нефть жүргүчү м-н байланышкан) нефть иштетүүчү ишканалары бар. 1973-ж. 17,6 млрд кет-с. электр энергия өндүрүлгөн. Ири электр станциялары-нын көбү көмүрлүү райондордо. Мукачево — Гёд линиясы аркылуу Сов. Союзунан электр энергиясын алат (1970-ж. З млрд кет-с). В-дагы ирдустриянын башкы тармактары: металл иштетүү м-н машина куруу, хим., тамак-аш ө. ж. Кара металлур-гияга керектелүүчү темир рудасынын 80%, кокстун 65% четтен алып келинет; ири борборлору — Мишкольц, Озд, Дунауйварош ш-лары. Өндүрү-лүүчү бокситтин 65%ин, электр энергиясынын 8%ин В-нын алюминий ө. ж. керектейт. Глинозём ж-а алюминий чыгаруучу ишканалар Аль-машфюзитё, Айка, Варпалота ш-ла-рында топтолгон. В-нын машина куруу ө. ж. негизинен металл аз керектелүүчү машиналар (электротех., прибор, кыймылдаткыч, станок ж. б.) жасоого адистешкен; мотоцикл, жүк таптыр машина, автобус («Икарус») ж-а кеме куруучу ишканалары да бар. 1972-ж. 4673 жүк ташыр автомобиль, 6974 автобус чыгарылган. Машина куруу ө. ж-нын ири борборлору—Будапешт, Дьёр, Мишкольц, Деб-рецен, Секешфехервар. Хим. ө. ж. көбүнчө табигый газ м-н нефть-хи-мияга негизделген. Башкы тармактары: жер семирткич, дары-дармек чыгаруу Казинцбарцик, Ленинварош, Варпалота, Сольнок, Будапешт, Деб-рецен ш-ларында топтолгон. Тамак-аш (консерва, ун тартуу, эт, кондитер), кездеме токуу, жыгач иштетүү ишканалары бар. Айыл чарбасы. А. ч. жеринин 90% тен ашыгы кооперативдик ж-а мамп. чарбапарга тийиштүү. В. терр-ясынын 3/« бөлүгү а. ч-га жарамдуу жер, анын 60% айдоо (негизинен дан ж-а тех. өсүмдүктөр, жашылча айдалат). Дунай, Тиса д-ларынын аралыгында, тоо беттеринде жүзүм өстүрүлөт. Мал чарбасына жалпы а. ч. продукциясынын 2/5 бөлүгү, а. ч. экспор-тунун 40% туура келет. Негизинен уй, чочко, тоок, каз-өрдөк багылат. Экинчи дүйн. согуштан кийин кой чарбасы да өнүгө баштады. Өлкөнүн түш. бөлүгүндө жылкы асыралат. Транспорт. Жүргүнчү ж-а жүк ташууда т. ж. ж-а шоссе жолдун мааниси чоң. Сырткы соода жүктөрү көбүнчө т. ж. ж-а Дунай суу жолу аркылуу ташылат. Темир жолдун жалпы уз. 9,3 миң км, автомобилдики — 29,4 миң км (1969). Ири порттору: Будапешт, Комаром, Дьёр, Альмаш-фюзитё. Экспортунун негизин даяр товарлар түзөт: кеме, кран, дизель поезди, тепловоз, т. ж. вагону, генератор, автобус, жүк ташыр автомашина, радиоаппаратура, телевизор ж. б.; азык-түлүк ж-а тамак-аш сырьёсу lk бөлүгүн ээлейт. О. эле сыртка дары-дармек, кийим-кече, бут-кийим, боксит чыгарылат. Импортунун ‘/г бөлүгүн сырьё (отун ж. б.), жарым фабрикат түзөт. В-нын экспортунда соң. өлкөлөрдүн үлүшү (1969) 68%, импортто 67,7%. В-ны темир рудасы, апатит концентраты, жыгач, пахта, нефть, кокс, электр энергия м-н жабдууда Сов. Союз чоң роль ойнойт. Туризмдин мааниси көтөрүлүүдө. Саламаттык сактоосу. 1969-ж. ар миң адамга төрөлгөндөр 15,0, өлгөндөр 11,3, балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 35,5ти түзгөн. Өмүрдүн өрт. узактыгы (1969) эркектики 67, аялдыкы 72 жаш. Жугуштуу эмес патология (жү-рөк-кан тамыр ж-а дем алуу органдарынын оорулары, рак) басымдуу. 1970-ж. 83.6 миң койкалуу 184 оорукана, 4,3 миң райондук амбулатория, 151 поликлиника, 190 туберкулездук, 123 тери-венерологиялык, ‘ 63 онкологиялык, 77 психиатриялык дис-пансерде 22,7 миң врач, 58,5 миң орто билимдүү мед. кызматкер иштеген. Врачтарды мед. 4 жог. окуу жайы даярдайт. Элге билим берүүсү. Латын чиркөөсүнүн, кийин шаардык мектептердин пайда болушуна байланыштуу В-да агартуу иши 12—13-к-да өнүгө баштайт. 1635-ж. Будапештте ун-т ачылган. Улуттук-бошт. кыймыл мезгилинде башталгыч, орто мектептерде венгр тилинде окутуу тууралуу закон кабыл алынган (1844). _ Элдик-демокр. түзүлүш орногондон кийин эл агартуу ишинин максаты м-н милдети түп тамырынан өзгөрдү. 1948-ж. бардык мектеп мамл. карамагына өттү. Мектеп жашына чейинки (3—6) бала бакчасы, 8 жылдык негизги мектеп, жалпы билим берүүчү орто мектеп (4 жылдык гимназия) балдарды акысыз окутат. Негизги мектептин базасында кесипчилик орто окуу шайы (4 жылдык), 3 жылдык кол өнөрчүлүк (ремесленный) мектептер иштейт. ВЭРде милдеттүү түрдө окутуу 6 дан 16 жашка чейин. 1969—70-окуу жылында негизги мектептерде 1,2 млн, гим-назияларда 124,2 миң, орто кесипчилик окуу жайларда 106,6 миң, кол өнөрчүлүк мектептеринде 223,7 миң, кошумча мектептерде 12,4 миң окуучу окуган. Жог. билим берүү системасы 4—5 жылдык ун-т-тер, ин-ттар (мед. ин-тта 6 жыл), 3—4 жылдык толук эмес жог. окуу жайлар бар. 1969—70-окуу жылында 87 жог. ж-а толук эмес окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө 52,2 миң, кечки ж-а сырттан окуу бөлүмүндө 25,7 миң студент окуган. Ири вуздары: Этвеш атн. ун-т, Земмель-вейс атн. медицина, К. Маркс атн. политехника, экон. илимдер ин-ттары, Кошут атн. ун-т, мед. ин-ту ж. б. Ири китепка-налары: Сеченьи атн. Мамл. китепкана, Этвеш атн. ун-ттин китепканасы, Венгрия ИАнын китепканасы. Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), Жаратылыш таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), Сүрөт өнөр музейи (1896) ж. б. Илим жана илимий мекемелери. 1. ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ИЛИМДЕР. Жарым феод. түзүлүш ж-а экономиканын артта калышы 19-к-дын ортосуна чейин В-да илимдин өнүгүшүнө тоскоол болуп келди. В-дагы туңгуч бараандуу ил. эмгек Я. Апацаи-Чере 17-к-дын орто ченинде түзгөн «Венгр энциклопедиясы» болду. Анда илимге жалпы мүнөздөмө берилип, Коперниктин идеялары пропа-гандаланган. 18-к.да жог. окуу жайларда ж-а коллегиумдарда табият ж-дөгү илимдер окутула баштайт. 1825-ж. Венгрия илимдер академиясы негизделет. 19-к-дын 1-жарымында мед. жагынан бир топ ийгиликтерге жетишилип, Пешт ш-да дүйнөдөгү 1-асептикалык акушер клишшасы ачылат. 19-к-дын 2-жарымында В-да ири ө. ж-дын пайда болушу табият таануу ж-а тех. илимдердин өсүшүнө шарт түзгөн. 1861-ж. физик А. йедлик электр генера-торун жасаган. Анын шакирти Л. Этвеш беттик тартылышты изилдеп, геофиз. маятник ойлоп таап, геофиз. станциялар ачкан. 20-к-дын 1-жарымында И. Броди катуу телолордун квант теориясы ж-а физ. статистика б-ча жүргүзүп, криптон шамын ж-а аны өндүрүү технологиясын иштеп чыгат. В. математиктери алгебра, Фурье катарын суммалоо, функциялык кеңдик теориясы, топология, ыктымал-дык теориясы, матем. статистика ж. б. тармактарда белгилүү ийгиликтерге жетишкен. Ошол кезде астр-я, геология, нефть, газ б-ча ил. иштер жүргүзүлө баштайт. 1869-ж. геол. ин-т ачылат. 1896-ж. В-нын 1-геол. картасы басылат. 19-к-дын аягында бир топ тех. жаңылыктар жаралып, Д. Банки м-н Я. Чонкалар—карбюратор, О. Бальти ж-а К. Циперновский трансформатор ойлоп чыгарды. К. Кандо өзгөрмө ток м-н жүрүүчү электровоз жасап, электр энергиясын транспортто пайдалануу мүмкүнчүлүгүн далилдеди. Ак-кумулятордун коргошун пластинкаларын даярдоо технологиясын И. Шенек иштеп чыкты. 19-к-дын 2-жарымында туңгуч венгр химия ил. из. ин-ту, Будапешт ш-нда дүйнөдө экинчи коомдук гигиена кафедрасы ачылат. Ветеринария б-ча да зор иштер жүргүзүлүп, А. Ауески жаныбарлардын вирус оорусунун козгогучун табат, шор жерлерди жакшыртуунун агрохимиясын Э. Жигмонд иштеп чыгат, кыртыш биоло-гиясы б-ча Д. Фехер эмгектенет. Бирок Габсбургдардын үстөмдүгү, Хортинин фаш. бийлиги В-да илимдин өсүшүнө кедерги болду. Илимпоздордун бир даары фаш. бийлик учурунда курман болуп, айрымдары чет мамлекетке кетишти. Боштондукка чыккандан кийин (1945) В-да илим дүркүрөп өнүктү. 1950-ж. Венгрия ИАнын Колдонмо матем. ин-ту ачылып, 1956-ж. программалоо, матем. логика, мо-делдөө, операцияларды изилдөө ж. б. иштерди жүргүзгөн эсептөө борбору түзүлдү. Теориялык физика, (П. Гомбаш). квант статистикасы (А. Конья), квант химиясы (Р. Гашпар), квант механикасы (И. Феньеш) б-ча көрүнүктүү эмгектер жазылды. Вудапешттеги борб. физикалык ил. из. гаму эксперименттик физиканын негизги борборуна айланды. Венгр илимпоздору Дубнадагы (СССР) Бириккен ядролук изилдөөлөр ин-тунда иштеп, жаңы изотопторду ачышты. СССРдин жардамы м-н В-да ядролук реактор курулду. Атомдук ж-а мол. физика б-ча да көп изилдөө иштери жүргүзүлдү. В. ИАнын Жылдыздарды изилдөө ин-ту 1948-ж. кеңейти-лип, астр-янын өсүшүнө өбөлгө түзүлүп, өзгөрүлмө жылдыздар ж-а жылдыз атм-расы изилдейли; Пискештетойск обсерва-ториясында ил. из. ин-ту уюштурулду. Күндүн физикалык Дебрецен обсервато-риясында Күндүн активдүүлүгү изилде-нүүдө. Жасалма спутниктерге байкоо жүргүзүүчү станциялар бар. 1945-жылдан химияны енүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ун-ттерде жаңы кафедралар ж-а атайын изилдөө иштерин жүргүзүүчү 9 ин-т ачылды. Электр хи-миясында электроддук процесстердин ки-нетикасын изилдөөдө баалуу теориялык ж-а практикалык жетишкендиктер болду. Геологияда кен байлыктарың изилдөө кеңири масштабда жүргүзүлө баштады: газдын жаңы кендери ачылды; геологиялык ж-а геофиз. жаңы карталар түзүлдү; тоо тектеринин басымы м-н темп-расын изилдөө иштери жолго коюлду. Биологияда эволюция теориясы, экология ж. б. проблемалар изилдене баштады. Өсүмдүктөрдүн зат алмашуу физиологиясы ж-а генетикасы б-ча изилдөө борбор-лору ж-а мектептер түзүлдү. Медицина б-ча нерв м-н кан жүгүрүү системасын, шишиктерди изилдөө, көкүрөк ш-а жүрөк хирургиясын өркүндөтүүгө көңүл бөлүндү. Фармакологиялык изилдөөлөр фармацевтика ө. ж-нын өнүгүшүнө түрткү болду. А. ч. илимдер тармагында В. жеринин генетикасынын ж-а эрозиясынын картасы түзүлдү. Кумдак ж-а шор жерлерди асылдандыруу иши жолго коюлду. Буудай, жүгөрү, күн карама, соя, помидор ж. б-дын жаңы сорттору чыгарылды. Тех. илимдер б-ча тоо кен ө. жайында бургулоо ылдамдыгы тездетилди. Кендер-ди чалгындоо иштери күчөтүлүп, металл кошмолорун кристаллдандыруунун, түстүү металлдарды алуунун жаңы ыктары табылды. Электр ж-а жылуулук энергетикасын көбөйтүүгө айрыкча көңүл бу-рулууда. А. ч. машиналарын өркүндөтүү, ө. жайда өндүрүш процесстерин автоматташтыруу иштери жүзөгө ашырылды. Электрон аспаптар, түстүү телевизор, байланыштын өркүндөтүлгөн техникасын чьи гарууда көп жетишкендиктер болду. Жеңил ө. ж-да целлюлоза жасоо, трикотаж м-н булгаарынын жаңы түрлөрүн чыгаруунун технол. процесстери аштелди, 2. КООМДУК ИЛИМДЕР. В-дагы эркин ой-пикирдин туңгуч өкүлү акын Янус Паннониус (15-к.) болгон. Габсбургдар сурап турганда, католик схо-ластикасы өөрчүгов. 18-к-дын аягындагы В-нын көрүнүктүү агартуучулары — материалист философ Д. Бешеньеи ж-а акын М. Чоконаи-Витез. Венгр якобинчилеринин идеологдорунун бири И. Мартинович өз чыг-ларында мех. материализм идеясын өнүктүргөн. Респ-калык кыймыл басаңда-ганда, немец филос. романтизминин таасири күчөгөн. 19-к-дын 1-жарымындагы венгр ойчулу— И. Сеченьи. Ал бурж. прогресске рев-ясыз эле өлкө улуттук көз карандысыздыгын жеңип албаса да жетүүгө болот деп эсептеген. Философ Я. Хетеньи коомдогу ынтымакка агартуу ж-а реформа аркылуу жетүүгө мүмкүн деген идея айткан. Бул мезгилде В-да немец классикалык философиясына таасири күчөйт. 1848—49-жылдагы Рев-я жеңилгенден кийин клерикалдык идеология үстөмдүк кылды. Реакция жылдары рев-ялык-де-мокр. багыт идеализм м-н алмашылды. 50-жылдары кеңири тараган гегелчилик-тин ордун 60-жылдары позитивизм басты. 70-жылдары В-да марксизм идеялары та-рала баштады. Анын туңгуч үгүтчүсү венгр жумушчу кыймылынын ишмери, 1871-ж. Париж Коммунасына катышкан Л. Франкель болгон. Элдик-демокр. бийлик орногондон кийин гана марксчыл-ленинчил философияны кеңири жайылтууга ж-а изилдөөгө шарт түзүлдү. Жог. окуу жайларында диалек. ж-а тарыхый материализм окутула баштады. 1957-ж. Венгр ИАнын Философия ин-ту ачылды. 60-жылдары социология илими өөрчүү жолуна түштү. В-да өлкөнүн тарыхына байланыштуу эмгектер il-к-да пайда болгон. 18-к-да тарыхый документтерди жыйноо ж-а жарыялоо башталган. 1867-ж. Тарых коому уюшулган. 1874-ж. Мамл. архив түзүлгөн. К. Маркс м-н Ф. Энгельстин чыг-лары венгр тилине которулган. 1919-ж. Венгр Сов. Респ-касы учурунда Жумушчу Маркс — Энгельс ун-ти ж-а Тарыхый материализм изилдөө ин-ту түзүлгөн. Фаш. диктатура мезгилинде тарых илиминде шовинизм м-н улутчулдук күчөп, социалисттик ж-а с.-д. идеяларга каршы күрөш жайылтылган. Элдик-демокр. бийлик орногондон кийин тарых илиминде маркстик тарыхый көз караштар жеңип чыкты. 1949-ж. Венгрия ИАнын Тарых ин-ту, Венгрия жумушчу кыймылынын тарыхы ин-ту (1956-жылдан ВСЖП БКнын Партия тарыхы ин-ту), 1954-ж. Аскер тарыхы ин-ту уюштурулду. Маркечыл тарыхчылар В-нын экон. өсүшү, жумушчу табы м-н дыйкандардын тарыхы, В-дагы улуттук-бошт. күрөштүн тарыхын изилдешип, «Венгрия тарыхы» (1964), «Венгр революциячыл жумушчу кыймылынын тарыхы» сыяктуу эмгектер жарыялашты. В-да 18-к-дын аягында товардык өндүрүштүн өнүгүш шартында ж-а улуттук-бошт. кыймылынын таасири м-н экон. ой-пикир калыптанды. 19-к-дын ортосуна чейин меркантилизмдин таасири күчтүү болду. 19-к-дын ортосунда бурж. өнүгүү жолун жактаган антифеод. агым түзүлүп, 19-к-дын 2-жарымында бурж. статистика бир аз өстү. 1860-ж. Венгрия ИАнын алдында Статистика комитети ачылды. 20-к-дын башында венгр экон. илиминде марксизм тарай баштайт. В-нын туңгуч маркечыл экономисти — Е. Варга. Ал капит. В-нын өкон. маселелерин, В. Сов. Респ-касынын экон. саясат принциптерин изилдеди. 1- ж-а 2-дүйн. согуш, Хортинин фаш. тартиби маркечыл экон. ойдун өсүшүнө көп зыян кылды. Элдик-демокр. бийлик орногон соң маркстик экон. илим өсүү жолуна түштү. Венгрия ИАнын Экон. ин-ту (1954), К. Маркс атн. экон. илимдери ин-ту (1948) ачылып, экон. проблемаларга орчундуу көңүл бурула баштады. В-да укук илими феодализм доорунда пайда болгон. 16-к-да венгр феод, коомунун укуктук системасын баяндаган Ишт-ван Вербецинин трилогиясы түзүлгөн. В-нын укук илиминин өсүшүнө Улуу француз рев-ясы зор таасир эткен. 19-к-дын аягында В-дагы бурж. өзгөрүштөр жүрүп, натыйжада түрдүү позитивисттик багыттар тарайт. Биринчи ж-а 2-дүйн. согуш аралыгында укук илиминде фай. идея күчөйт. Элдик-демокр. бийлик орногондон кийин марксчыл-ленинчил укук илими түзүлөт. Венгрия ИАнын Мамлекет ж-а укук ин-ту, ун-ттердин укук ф-теттери, Бүткүл венгриялык криминалистика ин-ту изилдөө жумуштарын жүргүзө баштады. В-да тил илими 16-к-дан өнүгө баштайт. Венгр тилинин туңгуч грамматика-сын Я. Сильвестер жазган. 17-к-дын башында венгр тилинин 1-сөздүгү түзүлсө, 19-к-да «Венгр диалектологиялык сөздүгү» (1838), «Венгр тилинин толук сөздүгү» (1—6-т., 1862—74), «Венгр тилинин тарыхый сөздүгү» (1—3-т., 1890—93) чыкты. 1904-ж. Венгр тил таануу коому уюштурулду. Элдик бийлик орногондон кийин Венгрия ИАнын Тил илими ин-ту (1951) уюшулду. «Венгр тилинин түшүндүрмө сөздүгү» (1—7-т., 1959—62), «Азыркы венгр тилинин түзүлүшү» (1—2-т., 1962), «Венгр тилинин тарыхый-этимоло-гиялык сөздүгү» (1-т., 1967), «Венгр диалектилеринин атласы» (1-т., 1968) сыяктуу эмгектер чыкты. 3. ИЛИМИЙ МЕКЕМЕЛЕРИ. Жог. илимий мекемеси — Венгрия ИА-сы. Анын борб. физика, борб. химия, математика, техника, физика, биология, биохимия, ботаника, генетика, эксперимент-тик медицина, автоматташтыруу, тарых, мамлекет ж-а укук, тил илими, география, экономика, философия ж. б. ил. из. ин-ттары бар. ИАда 1970-ж. 90 академик, 98 корр. мүчө болгон. Ил. из. иштери геология, зоотехника, фармакохимия, байланыш техникасы ө. ж. ин-ттарында, атайы медицина, а. ч. техника ж. б. ин-ттарда да жүргүзүлөт. Ил. мекемелерде 61 миң киши иштейт. 1970-ж. 1-июлунда илимдин 500ге жакын доктору ж-а 3500 кандидаты болгон. Басма сөз, радио уктуруу, телекерсөтүү. В-нын мезгилдүү басма сөзү 18-к-дын башында пайда болуп, улуттук-бошт. ж-а рев-ялык кыймылга тыгыз байланышта өнүккөн. 1918-ж. В. компартиясынын органы «Вёрёш уйшаг» газетасынын 1-саны чыккан. Бул күн В-да официалдуу түрдө Басма сөз күнү катары белгиленет. 1973-ж. бир күндүк тиражы 2 млн даанадан көп 450дөн ашык газета, журнал, 700дөн ашык башка ар түрдүү мезгилдүү басма сөз продукциясы чыккан. Күнүгө чыгуучу маанилүү газеталар: 1942_жыл-дан «Непсабадшаг» (1956-жылга чейин «Сабад неп») — ВСЖП БКнын органы; 1872-жылдан «Непсава» (1956—58-ж. «Не-пакарат») — Профсоюздардын бүткүл венгриялык советинин органы, «Мадьяр нем-зет» (1945), «Мадьяр хирлап» (1968); жумасына чыгуучу газеталары: «Нёк лапья» (1940), «Элет эш иродалом» (1957) ж. б.; айына чыгуучу коомдук-саясий журнал-дары: «Партелет» (1956), «Таршадалми семле» (1946), «Кортарш» (1957). Өлкөнүн ичине ж-а чет өлкөлөргө информация таратып туруу ишин Венгр телеграф агентствосу (1880-ж. негизделген) жүргүзөт. Официалдуу радио уктуруу 1925-ж. башталган. 1973-жылдан радио уктуруу З программада, 1958-жылдан телекерсөтүү бир каналда берилет. Радио чет өлкөлөргө 8 тилде уктурулат. Адабияты. Азыркы венгр ад-тынын башаты — фольклор. Венгр жазмасы Венгр мамлекети (9-к.) жаралганда кошо жаралган. Бирок көп убакыт ад-т венгр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. 15-к-дын ортосунда дин ад-ты гүлдөп, аны м-н кошо гуманисттик ад-т да пайда болгон. 16-к-дын 2-жарымында Кайра жа%>а~ луупун гражд. ад-ты өсүп-өнүгө баштаган. Бул кезде феод. ак сөөктөрдөн тунгуч венгр лириги Б. Балапшш (1554—94) чыккан. Венгр элинин демокр. ж-а рев-ялык умтулуусу Ш, Петёфинин (1823— 49) чыг-лыгынан ачык көрүнгөн. Анын рев-ялык поэзиясы элдин көзүн ачып, аң-сезимин ойготкон, 19-к-дын аягында ж-а 20-к-дын башында В-нын прогрессчил жазуучуларынын чыг-лык изденүүлөрү күчөйт. 20^к-дын башында венгр ад-тында акын Э. Ади (1877—1919) чоң роль ойнойт. В-да рев-ячыл процесс өйдөлөө мезгилинде (1918—19) венгр жазуучулары рев-ячыл кыймылга активдүү катышкан. Венгр Совет Респ-касы (1919) кулаган соң прогрессчил венгр жазуучулары чет элге (СССРге да) кетишкен. СССРде эми-грацияда жүргөн Мате Залка (1896—1937), А. Комьят (1891—1937) өңдүү жазуучулар соц. реализм методун пайдалана баштайт. В-да элдик бийлик орногондон кийин ад-т соц. реализмдин жолу м-н өнүгүп жатат. А. Гидаш, Й. Фодор, Я. Фель-деак, М. Ваци, Л. Мештерхази, А. Бер-кеши, А. Тамаши ж. б. акындар, проза-иктер, драматургдар бир канча чыг-лар-ды жаратышты. «Венгриянын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде да чыккан. Архитектурасы м-н сүрөт өнөрү. В. жеринде неолит мезгилиндеги скиф м-н кельт иск-восунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Рим конушта-рынан (Аквинк, Скарбанция ж. б.) вилла м-н амфитеатр калдыктары, фреска, мозаика, статуя, айнек буюмдар табылган. О. кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр, готика стилинде турак жайлар курулган. 15—16-к-да Кайра жаралуу доорунун арх-расы (адегенде Бу да м-н Вишеградда), 17-к-дын аягы—18-к-дын башында брокко, 19-к-дын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүрөт.19-к-да портрет (М. Барабаш), пейзаж-дык сүрөт (ата-бала Марколор), скульптура (И. Ференци) ж-а графика (М. Зи-чи) өнүккөн. 1860-жылдардын акырында реалисттик, элдүүлүк белгилер пайда боло баштаган (художниктер Ш. Бихар м-н М. Мункачинин чыг-лары). 19—20-к-дын аралыгында В. иск-восунда «модерн» багыты пайда болгон. Өлкөдө элдик-демокр. түзүлүш орногондон кийин иск-во тез өнүгө баштады. В-нын азыркы арх-расы имараттарды жа-салгалоодо ыгына карай фреска, мозаика, дубал живописин, сграффито, майда скульптуралык формаларды колдонот (Элдик стадион, 1948—53; Будапешт Эрже-бет көпүресү, 1945; Дебрецен м-н Кечке- меттеги мейманкана ж. б.)- Венгр сүрөт өнөрүн өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары улуу муундагы сүрөтчүлөр (живописчилер И. Сёньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиңиришти. 1940—50-ж. живопись өнөрүндө тарыхый-рев-ячыл сюжеттер, соц. индустрия темасы негизги орун ээлейт монумент өнөрүндө да зор ийгиликтер жаралат (Буда-пешттеги Эркиндик монументи, 1947; Ду-науйварош металлургия комбинатындагы фрескалар ж. б.). 60-жылдардын иск-во-суна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуу-лугу мүнөздүү. Мис, ходмезёвашархей тобундагы живописчилер ж-а аларга ыктаган чеберлер (И. Д. Куруц, й. Немет, М. Шомош, Я. Сурчик) реалдуу таасирлерди жалпылап берүүгө умтулушат. Акыркы жылдардын иск-восунда эмоция-луу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм м-н сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Барганын скульптурасы, Л. Грогатун графикасы ж. б.) кызыгуу кгчөгөндүгү сезилет. Скульптура м-н жасалга өнөр да өнүгүүдө. Музыкасы. В. эл ырлары бир добуштуу келет. В-да профессионал муз. мад-т 13-к-да өнүгө баштайт. 15-к-да Буда ш-нда король сарайынын капелласы уюштуру-лат. 1536—38-ж. А. Фаркаш, 1554-ж. Ш. Тиноди мадьяр тилинде муз. чыг-лар (жомок, тарыхый ырлар) басып чыгарат. В. музыкасынын өнүгүшүнө 18-к-дын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптын музыка өзгөчө таасир тийгизет. Вербункошко жаңы муз. элементтер кошуп ж-а аны өөрчүтүп, комп. Й. Рузгч-ка «Беланьщ качышы» (1822) аттуу туңгуч венгр операсын жазган. Ф. Эркель венгр каарман-романтикалык операга негиз салуучу катары баатыр-патриоттук сюжеттеги («Банкбан», «Дьёрдь Дожа» ж. б.) бир нече опера, 19-к-да Ф. Лист аспаптын жаңы чыг-лар жаратты. 1837-ж. Пешт ш-нда опера театры, 1840-ж. улуттук консерватория, 1853-ж. филармония-лык коом ачылган. 20-к-дагы В. музыкасынын өнүгүш жолу комп. 3. Кодай м-н Б. Бартоктун композиторлук ж-а этногр. эмгектери м-н байланыштуу. В-да 1945-жылдан кийин жаңы мекемелер, окуу жайлары курулат. Азыркы көрүнүктүү муз. ишмерлери: композиторлор — П. Ка-доша, Р. Марош; дирижёрлор — Я. Ферен-чик, Я. Шомоди, пианист —А. Фишер, скрипачтар—Д. Ковач, В. Татраи, ырчылар —А. Фараго ж. б. Театры. В-да туңгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келеменин жетекчилиги м-н 1790-ж. уюшулат. 1837-ж. Пешт ш-нда «Мадьяр синхаз» театры ачылып, 1870-жылдан Венгр улуттук театры негизделип, У. Шекспир, Н. В. Гоголь, Г. Ибсен ж. б. драматургдардын пьесалары коюлган. 19-к-дын аягында Буда-да «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. Элдик-демокр. бийлик орногондон кийин бардык театрлар эл үчүн кызмат кылып, 1949-ж. мамлекеттин менчигине өтөт. 1958-ж. Будапештте театр ин-ту уюшулат. Классиктердин ж-а В. драматургда-рынын пьесалары театр репертуарлары-нан кеңири орун алат. Э. Мартон, О. Адам, М. Габор, Х. Гобби сыяктуу көрүнүктүү режиссер, актёрлору бар. В-да ЗОдан ашык театр иштейт. Киносу. 19-к-дын аягында туңгуч хроника фильмдери чыгарылган. 1901-ж. «Бий» фильми тартылган (реж. Е. Жит-ковский), 1912-ж. көркөм фильм чыгаруу башталган. Венгрия Совет Респ-касынын (1919) мезгилинде кино мамлекеттешти-рплет. Рев-я басылып, фаш. бийлик күчөгөн учурда бурж. көз караштагы фильмдер чыгат. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кетет. Өлкө немең баскынчылардан бошотулгандан кийин гана улуттук кино өнөрү өркүндөй баштады. Кеңири белгилүү «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. фильмдер тартылган. 50-кылдарда венгр кино режиссёрлору чын-хыкты туура көрсөтүүгө аракеттенсе да, алар схематизмден кутула алышкан эмес. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Баш-та, Е. Руткаи, М. Тёрёчик, И. Береш өңдүү белгилүү актёрлору бар. Кино адистерин Будапешттеги Театр ж-а кино ин-ту даярдайт. 1965-ж. Кинематография ил. из. ин-ту уюшулган.
Ад.: К а д а р Я., Избранные статьи и речи (1957—1960 годы), иер. с венг., М., 1960; Исламов Т. М., Политическая борьба в Венгрии в начале ХХ в., М., 1959; Нежинский Л. Н., Пушка ш А. И., Борьба венгерского народа за установление и упрочение народно-демократического строя. 1944—1948; М., 1961; Очерки новой и новейшей истории Венгрии, М., 1963; Не м е ш Д., Венгрия (пер. с венг.), М., 1962; История венгерского революционного рабочего движения в 3 т., т. 1, пер. с венг., М., 1970; М а е р-г о й з М. И., Экономическая география Венгрии, М., 1965; Усиевич М. А., Развитие социалистической экономики Венгрии, М., 1962; Венгерский статистический справочник 1970, Будапешт, 1970; Р о с с и я н о в O.K., Венгерская литература после 1917 года, М., 1961; Тихомиров А., Искусство Венгрии IX—ХХ вв., М., 1961; Гершакович А. А., Современный венгерский театр, М., 1963; Музыка Венгрия, М., 1968;