ВЕНГРИЯ-ЮГОСЛАВИЯ ДОГОВОРУ

ВЕНГРИЯ-ЮГОСЛАВИЯ ДОГОВОРУ (1940). Туруктуу тынчтык жана түбөлүк достук жөнүндө фаш. Германиянын кубаттоосу м-н 12-декабрда Белградда Венгрия м-н Югославия королдуктарынын ортосунда түзүлгөн. Договорго Венгриянын тышкы иштер министри И. Ча-ки м-н Югославиянын тышкы иштер министри А. Цинцар-Маркович кол коюп, ал 1941-жылдын башында бекитилди. Тараптар өз ара тынчтыкты ж-а достукту колдоого, эки мамлекеттин таламдарына тиешелүү бардык маселелер б-ча кеңешип турууга милдеттенишкен. Бирок Венгриянын өкмөтү 1941-ж. апрелде бул шартты бузуп, Германиянын аскерлерин өз жери аркылуу өткөзүп ж-а алар м-н бирдикте Югославияга каршы согушка катышты.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *