ВЕНГРИЯ СОЦИАЛИСТТИК ЖУМУШЧУ ПАРТИЯСЫ (ВСЖП)

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВЕНГРИЯ СОЦИАЛИСТТИК ЖУМУШЧУ ПАРТИЯСЫ (ВСЖП). ВСЖПнин тарыхы Венгрия компар-тиясы (ВКП) негизделген кезден (1918-ж. 24-ноябрь) башталат. ВКПге социал-демократтардын солчул тобу, рев-ячыл социалисттер, Россияда Октябрь рев-ясына ж-а Гражд. согушка катышкан венгр интернационалистте-ри — РКП (б) венгр тобунун мүчөлөрү (1919-ж. Москвада уюшулган) бириккен. 1919-ж. 21-мартта ВКП м-н Соц.-демокр. партия биригип, Венгриянын соц. партиясы (ВСП) деп аталат. ВКП жетектеген венгр жумушчу табы эмгекчилер массасынын колдоосуна таянып, 1919-ж. 21-мартта Венгр Совет Республикасы (ВСР) түзүлдү деп жарыялайт. Бирок 1919-ж. августта эл аралык империализм м-н ички реакция ВСРди кулаткандан кийин ВСП тарайт да, Хортинин фаш. диктатурасы убагында коммунисттер подпольеде иштейт. ВКПнин 1-съезди (1925-ж. 18—21-авг., Вена) партиянын милдеттерин белгилеп, уставын бекитти; БКсын шайлады; 2-съезди (1930-ж. февр.—март) «Партиянын жаңы милдеттерин», ВКПнин уставын ж. б. токтомдорду кабыл алды. 1929— 33-ж. ВКП солчул социал-демократтар м-н бирге эмгекчилердин рев-ячыл кү-рөшүнө жетекчилик кылып, жумушчулардын, профсоюздардын мүдөөсүн коргоду. 1935—39-ж. нечен жолу элдик фронтту түзүү демилгесин көтөрдү. Экинчи дүйн. согуш (1939—45) убагында гитлердик Германияга ж-а анын Венгриядагы союздаштарына каршы күрөшүп, партизандык кыймылга жетекчилик кылды. Коммунисттердин демилгеси м-н 1944-ж. май айында Венгриянын антифаш. фронту түзүлдү. Сов. Армия венгр жерин фашизмден бошото баштаганда (1944-ж. сент.), коммунисттер под-польеден чыгып, көп узабай жумушчу табынын массалык саясий уюмуна айланды. ВКПнин 3-съездинде (1946-ж. сент.—окт.) жаңы устав кабыл алынып, элдик-демокр. Венгрия-ны куруу б-ча негизги милдеттер, өлкөнү калыбына келтирүү ж-а өнүктүрүүнүн 3 жылдык планы белгиленди. 1948-ж. июнда компартия марксизм-ленинизм негизинде с.-д. партиясы м-н биригип, Венгр эмгекчи партиясы (ВЭП) деп аталды да, бириктирме съездде (1948-ж. июнь) партиянын уставы м-н программалык деклара-циясын кабыл алып, ВЭПтин максаты соц. коомду куруу экенин көрсөттү. Венгр жумушчу табы ВЭПтин жетекчилиги м-н социализмди курууга киришти. Бирок ВЭПтин 2-съезди (1951-ж. февр.—март) партиянын мурдагы жетекчилеринин (М. Ракоши) сунушу б-ча 1-беш жылдык пландын тапшырмаларын негизсиз жогорулатып, олуттуу ката кетирди. Пландаш- тырууда Венгриянын бөтөнчөлүгүн, конкреттүү шартын эске албай, дүйн. соң. системанын кызматташуусун жеткире баалабады. Партия м-н өкмөт жетекчилери парт, ички турмуштун лениндик нормаларын, соң. закондуулукту бузууга жол беришти. Партиянын пленуму (1953-ж. июнь) бул каталыктардын бетин ачып, тыянак чыгарды. Бирок каталыктарды оңдоодо ВЭПтин жетекчилери принципсиздик кылды. Бул Венгриядагы пролет, диктатурасын бошондотуп, парт, турмушта ж-а өлкөнү башка-рууда кризис чыгарды, ошо кездеги (1953—55) Мин. Советинин пред-ли И. Надь башкарган оңчул ревизиячыл группировканын партияга каршы аракетине ыңгайлуу шарт түздү. Ошентип, 23-октябрда козголоң чыкты [к. Венгриядагы контрреволюциячыл козголоң (1956)]. ВЭПтин чыныгы комму-нисттери жумушчу табы м-н дыйкандардын рев-ячыл күчтөрүн тап душманга каршы багыттап, козголоңду талкалады; партияны кайра куруп, аны Венгрия социалисттик жумушчу партиясы (ВСЖП) деп атады. Козголоңду басууда Сов. Союзу чоң жардам берди. Венгр эмгекчилеринин кү-рөшүн соц. башка өлкөлөр да колдоду. ВСЖПнин бүткүл венгриялык конф-ясы (1957-ж. 27—29-июнь, Будапешт) партияны кайра курууну аяктап, ревизиячыл көз карашка, догматизм м-н сектанттыкка сокку урду; жаңы жетекчилердин ленинчил саясатын жактырды; партиянын Уставын бекитти; жетекчи органды шайлады. ВСЖПнин жетекчилиги м-н өлкөдө соң. курулуш ийгиликке жетишти. ВСЖПнин 7-съезди (1959-ж. нояб.— дек.) өлкөнүн эл чарбасын 1961— 65-ж. өнүктүрүүнүн 2-беш жылдык планын даярдоо б-ча директивалар-ды бекитип, партиянын уставына айрым өзгөртүү киргизди. 8-съезди (1962-ж. ноябрь) соң. коомдун негизи курулуп бүткөнүн, шаар-кыштакта бирдиктүү соң. өндүрүштүк мамилелер калыптанганын белгилеп, партиянын жаңы уставын кабыл алды. 9-съезди (1966-ж. ноябрь—дек.) партиянын соң. коомду толук куруу жолун бекитсе, 10-съезди (1970-ж. 23—28-но-ябрь) ген. багыттан партиянын тай-бастыгын ырастады. ВСЖПнин 11-съезди (1975-ж. март) жаңы беш жылдык пландын негизги милдеттерин көрсөтүп, өнүккөн соң. коомду куруу жолу м-н коммунизмге жакындоо багытын белгиледи. Съезд партиянын уставына өзгөртүүлөр киргизди. ВСЖПнин делегациялары коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын өкүлдөрүнүн кеңешмелерине (1957, 1960, 1969, Москва) катышып, алардын документтерин жактырган. ВСЖП демокр. централизм принцибинде курулган. Жогорку органы — съезд, ал БК ж-а Борб. текшерүү комиссиясын шайлайт. БК БКнын Саясий бюросун, Секретариатын шайлайт. -ВСЖПнин 750 миңдей (1973) мүчөсү бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *