ВЕНГРИЯДАГЫ КОНТРРЕВОЛЮ-ЦИЯЧЫЛ КОЗГОЛОҢ

ВЕНГРИЯДАГЫ КОНТРРЕВОЛЮ-ЦИЯЧЫЛ КОЗГОЛОҢ (1956) — эл аралык империализмдин колдоосу м-н ички реакциячыл күчтөр чыгарган куралдуу тополоң. Ал 1956-ж. 23-октябрдан 4-ноябрга чейин созулган; элдик-демокр. түзүлүштү, венгр элинин соц. жеңиштерин жок кылуу, капит. бийликти кайра орнотуу максатын көздөгөн. Контррев-ячылдар Венгрия эмгекчилер партиясынын (ВЭП) мурдагы жетекчилери (М. Ра-коши ж. б.) кетирген каталыктардан ж-а бурмалоолордон пайдаланган. 23-октябрда Будапештте ошол каталыктарды ж-а бурмалоолорду оңдоону талап кылган жай демонстрация башталып, ага контррев-ячыл күчтөр да катышкан. Ушуга удаа ВЭП БКнын чечими б-ча партиядан дилин жашырып жүргөн И. Надь Саясий Бюронун мүчөлүгүнө киргизилип, Мин. Советинин пред-лдигине сунуш кылынган. Ал эми И. Надь болсо контр-рев-яны түздөн-түз колдоо саясатына өткөн. Өлкөдө террор кеңири кулач жайган. И. Надь Венгриянын Варшава договору уюмуңан чыкканын жарыялап, импер. өлкөлөрдөн көмөк күтүп, ООНдон жардам сураган. Ушундай шартта Я. Кадар баш болгон коммунисттер тобу эмгекчилерди баш коштуруу, элдик-демокр. түзүлүштү чыңдоо демилгесин көтөрүп, 3-ноябр-да рев-ячыл жумушчу-дыйкандар өкмөтүн түзгөн, Венгрия социалисттик жумушчу партиясынын убактылуу жетекчилерин аныктаган. Жаңы өкмөт козголоңду басуу үчүн СССРден жардам сураган. Варшава договору б-ча Венгрияда турган сов. аскерлер рев-ячыл күчтөрдүн бул козголоңду басуусуна (4-ноябрь) көмөктөшкөн. Козголоңду басуу венгр элинин, соң. системанын ж-а эл аралык коммунисттик кыймылдын олуттуу жеңиши болгон.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *