ВЕНА

ВЕНА — Австриянын борбор шаары. Альп тоолорунун этегинде, Дунай д-нын жээгинде. Калкы 1670 миң (1975), б. а. Австрия калкынын 25%. Мында илгери кельттер, мүмкүн ил-лирийлер да жашаган деп болжолдо-нот. Римдиктердин тушунда (б. з. 1-к-нан бери) бул жерди римдик легионерлер лагерь кылган. В. 11—12-к-да соода жолундагы маанилүү шаар болгон. 16-к-дан австриялык Габсбург-дардын көп улуттуу мамлекетинин борбору. 18-к-да В-да мануфактура ө. ж. өнүгөт. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында В.— европ. мад-ттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848—49-ж. мында Австриядагы рев-ячыл күрөш күчөгөн. В-да 1918-ж. 3-ноябрда Австриянын компартиясы негизделген, 12-ноябрда Австрия респ-касы жарыяланган. 1938-ж. 12-мартка караган түнү В-ны немец фашист аскерлери басып кирген. Аны 1945-ж. 13-апрелде Сов. Армия бошоткон. 1945-ж. июлда Австриядагы оккупация зонасы ж-а В-ны башкаруу ж-дө келишимге кол коюлган. В. оккупациялык 4 секторго (сов., амер., англ., франц.) бөлүнгөн. В-да 1952-ж. 12— 19-декабрда Элдердин тынчтыкты сактоо конгресси өткөн. 1955-ж. 15-майда көз карандысыз демокр. Авст-рияны калыбына келтирүү ж-дө Мамл. договорго кол коюлган. В.— Европада эң ири транспорт тоому. Аэропорту бар. Австриядагы оор ө. ж. продукциясынын 2/з бөлүгүн берет. Айрыкча согуштан кийин машина куруу, электр тех. өндүрүштөр, нефть иштетүүчү ири ишканалар курулган. Кездеме токуу, полигр., кагаз, жыгач иштетүүчү ж-а тамак-аш ө. ж-лары өнүккөн. В-нын көп бөлүгү Дунай д-нын оң жээгинде. Шаарда көрктүү үйлөр, парктар ж-а эстеликтер, фонтандар бар; анын боро. бөлүгүндө арх-ралык эстеликтер көп. Мис, бийик Стефан собору, бир нече чиркөө, Шенбрунн двореци м-н паркы (1695—1700). В-да имараттар, музейлер, вокзал, ун-т, жог. тех. мектеп, Сүрөт өнөр академиясы ж-а ИА, Улуттук китепкана, музей бар.