ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕҢЕЙИШИ

ВЕНАЛАРДЫН ВАРИКОЗДУК КЕҢЕЙИШИ — веналардын узарып, ийри-буйру ж-а түйдөк сыяктуу болуп кеңейиши. Бул оору бут, көтөн чучук ж-а кызыл өңгөчтүн веналарын-да учурайт. Аялдар эркектерден 3 эсе көп ооруйт. В. в. к-не кан тамыр-лардын керегесинин начардыгы, анын аномалиясы ж-а булчуң катмарынын өзгөрүшү түрткү болот. Боюнда бар аялдарда, оор кара жумуш аткарган-дарда (усталар, жүк ташыгычтар), дайыма туруп иштегендерде (ашпоз-чулар, чач тарачтар) көп кездешет. Оору акырындык м-н башталат. Адегенде бут ооруйт, тез чарчайт, кийин жара пайда болушу мүмкүн. Кеңей-ген веналар теридей көрүнүп турат. Оорунун башталышында ооруган бутту бинт м-н таңып же резинадан жасалган байпак кийүүгө сунуш кылынат. Оору күчөгөндө хирургиялык жол колдонулат. Алдын алуу үчүн жалпы организмди чыңдоочу чаралар (айыктыруучу физ-ра, аба ж-а деңиз ванналары ж. б.) пайдаланылат.