ВЕЛОБОЛ

ВЕЛОБОЛ [вело(сипед) ж-а англ. ball — топ] — велосипед тебүү м-н топ ойноочу командалык спорт оюну. Оюнду ар биринде 2 кишиден турган 2 команда ойнойт. Спортсмен каршы команданын дарбазасына топту велосипеддин алдыңкы же арткы дөңгөлөгү, денеси жө башы м-н кийирет. В. тапталган жерде, асфальтта же тактай төшөлгөн аянтта өткөрүлөт. ГДР м-н Чехословакияда өнүккөн.