ВЕЛИКОРОССТОРДУН УЛУТТУК СЫЙМЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

«ВЕЛИКОРОССТОРДУН УЛУТТУК СЫЙМЫГЫ ЖӨНҮНДӨ» —В. И. Лениндин пролет, интернационализм ж-а патриотизм принциптерин негиздөөгө ж-а өнүктүрүүгө арналган макаласы. Ал 1914-жылдын аягында жазылып, большевиктер партиясынын органы— «Социал-демократ» газетасында жарыяланган. Орус коммунисттери улут маселесин пролет, рев-янын милдеттеринин ажырагыс бөлүгү деп караган. 2-Интернационалдын оппортунистте-ри, меныпевиктер, троцкисттер өздөрүн социалисттербиз деп атап, иш жүзүндө социал-шовинист болушкан. Алар 1-дүйн. согуш (1914—18) убагында кагылыштан мамлекеттердин жумушчулары м-н буржуазиясынын таптык татуулашта болушун жакташып, башка элдер м-н согушууга үгүттөшүп, жумушчу табын азгы-рышкан. «Ата Мекенди коргоо» деген шылтоо м-н согушкан өлкөлөрдүн жумушчулары м-н дыйкандарын кар-шылаштырып, буржуазияга көмөк көрсөтүшкөн. Меныпевиктер м-н эсерлер баскынчылык согуш жүргүзүүдө падыша өкмөтүнө жардам беришкен. В. И. Ленин социал-шовинисттерге ж-а бурж. улутчулдарга катуу сокку берип, пролет, интернапионализмдин туусун бийик көтөрүп, «башка элдерди эзип жаткан эл эркин боло албайт» деген маркстик жобону өнүктүргөн; импер. согушта падышачылыктын жеңилиши орус пролетариа-тынын падышачылык™ кулатууга, бурж.-помещиктик түзүлүштү жок кылууга өбөлгө түзөт деп көрсөткөн. «Коммунисттер Ата Мекенин жерийт, аларда улуттук сыймык сезими жок» деп, пролетариатты ж-а анын партиясын жаманатты кылган душмандарды В. И. Ленин аябай келекелеп, орус пролетариатынын авангарды — большевиктер партиясы гана пролет, интернационализм идеясына бекем туруп, капитализмге каршы ж-а элдердин боштондугу үчүн күрөштө чыныгы патриоттук демилге көтөрөт деп белгилеген. Улуу Окт. рев-ясы улуттук эзүүнү жок кылып, мурда артта калган элдердин өнүгүп-гүлдөшүнө жол ачты, жаңы соң. улуттар калыптанды. Компартиянын улуттук программасын ишке ашыруу СССР элдеринин саясий, экон. ж-а маданий гүл-дөпгүнө алып келди.