ВЕКСЛЕР

ВЕКСЛЕР Владимир Иосифович [19. 2 (4. 3). 1907—22. 9. 1966] — сов. физик, СССР ИАнын акад. (1958; корр. мүчө, 1946). 1963-ж. СССР ИАнын Ядролук физика бөлүмүнүн акад.-секротары. 1937-жылдап КПСС мүчөсү. В.— рентген нурларынын физика-сы, космостук радиация ж-а ылдам-даткычтар б-ча ири адистердин бири. Москва энергетика ин-тун (1931) бүткөн. 1944-ж. В. сунуш кылгап авто-фазировка принциби ошол убакта алынган бөлүкчөлөрдүн энергия чегин миң эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. В-дин жетекчилиги м-н бул принциптин негизинде Дубнада про-тондук синхротрон ж-а синхрофазотрон ишке киргизилген (1957). В-дин талабы б-ча «Ядролук физика» журналы уюштурулуп, өзү анын башкы редактору болуп иштеген. В. Лениндик (1959) ж-а СССР мамл. сыйлык-тардын лауреаты. 1963-ж. «Атом — тынчтыкка» деген эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.