ВЕЙМЕР

ВЕЙМЕР Арнольд Тынувич [7 (20). 6. 1903-ж. т.] — сов. мамл. ишмер ж-а көрүнүктүү илимпоз-экономист. Экон. илимд. доктору (1963). Эстон ССР ИАнын акад. (1967). 1922-жыл-дан КПСС мүчөсү. 1922-ж. бурж. Эстонияда подпольедеги партия уюмуна мүчө болуп кирген. 1923-ж. рев-ячыл иши үчүн камакка алынып, 1924-ж. өмүр бою сүргүнгө айдалып, 1938-ж. жалпы амнистия жарыялан-ганда бошотулат. Эстонияда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышат. 1944-жылдан ЭССР ЭКСтин, 1946-жылдан Мин. Советинин пред-ли, 1951-жылдан ЭССР ИАнын Экон. ж-а укук ин-туна директор, 1957-жылдан ЭССР Эл Чарба Советинин пред-ли, 1965-жылдан ЭССР Мин. Советинин пред-лине орун басар. 1968—73тк. ЭССР ИАнын президенти. В.—ЭССР-дин экон. өнүгүшүнүн тарыхына ж-а азыркы актуалдуу маселелерине байланыштуу ил. эмгектердин автору. Үч Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар м-н сыйланган. СССР Жог. Советинин (1—3, 5—6-шайл.) депутаты.