ВАН ГОГ

ВАН ГОГ Винсент (Винсент Вилдем; 30. 3. 1853, Голландия, Грот-Зюн-дерт — 29. 7. 1890, Франция, Овер-сюр-Уаз) — голланд живописчиси. Дин кызматкеринин үй-бүлөсүнөн. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада ж-а чиркөөдө кызмат кылган. 1881—85-ж. Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыг-ла-рында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-к-дагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886—88-ж. Парижге келип, импрессионисттик живопись м-н япон гравюрасын үйрөнгөн, француз ху-дожниктеринен таалим алган. Бу жерде «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, ван Гог фондусу), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар — в. Г-дун зор чеберчиликкө жетишкен учуру. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, ван Гог фондусу), «Арлидеги кызыл жүзүм-зар» (1888, А. С. Пушкин атн. көркөм сүрөт өнөр музейи) ж. б. көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыг-лыгына ачык боектуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. В. Г. чыг-лыгы-нан европ. мад-ттын тарыхындагы татаал, бурулуш учур ж-а 19-к-дагы реализм м-н буря?, гуманизмдин кризиси даана байкалат. Чыг.: Письма, пер. с голл., Л.— М., 1966.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *