ВАНКУВЕР

ВАНКУВЕР — Канаданын түш.-чы-гышында, Британиялык Колумбия провинциясындагы шаар. АКШнын чек арасына жакын Баррард булуңу-нун жээгинде. Калкы 955 миң (1968, шаар айланасы м-н). Буудай, жыгач материалдарын, түстүү металл ташын чыгаруу б-ча негизги порт. Ири т. ж. станциясы. Шаарга жакын жерде Си-Айленд аэропорту бар. Нефть ж-а газ иштетилет. Токой ж-а тоо-кен ө. ж-лары үчүн жабдуулар чыгарылат. Кеме куруу, металл иштетүү жакшы өнүккөн. В. 1886-ж. негизделген. Көркөм галерея ж-а шаар музейи (Канаданын искусствосу чогултулган; анын ичинде индеец ж-а эскимостордуку да), ун-т бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *