ВАНАДИЙ РУДАЛАРЫ

ВАНАДИЙ РУДАЛАРЫ — жаратылыштагы составында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын чо-гундусу. В. р-нын негизги минерал-дары: ванадинит (составында V2O5— 19%), декдуазит (22%), купродеклуа-зит (17—22%), карнотит (20%), рос-коэлит (21—29%), патронит (17— 29%). В. р-нын: составында ванадий-ден башка пайдалуу бир нече компо-ненттер (Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. 6.) да болот. В. р-нын кендери эн-доген ж-а экзоген болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультра негиздүү, негиздүү, жегичтүү тоо тектер м-н байланыштуу болуп, магмалык, контакттуу метасоматоздук ж-а гид-ротермдик процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анчалык деле бай эмес (V2Os — 0,1— 1%), бирок мол запас мүнөздүү. Кендери СССР (Гусевогорск), Түш. Афр. Респ-касы (Магнет), АКШ (Тегавус), Канада (Лак-Тио), Швеция (Таберг) ж-а Финляндияда (Отанмяки) белгилүү. Экзоген кендери коргошун-цинк ж-а жез рудаларынын кычкыл-дануу зонасында (V205 — 2—10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1—1%), ванадийлүү нефтиде (5—58%), ас-фальтитте (50%ке чейин), титан маг-нетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттуү күрөң темир рудаларында (V2Os — 0,07— 0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланец-төрде (0,2—1,5%), бокситтерде (0,02— 0,04%), көмүрлүү ж-а күйүүчү сла-нецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкреция-ларында (0,1%) да болот. Булардын составында V2Os аз болгону м-н, запасы мол. Экзоген көндеринин ирилери АКШда (Колорадо платосу), На-мибияда (Берг-Аукас), Замбияда (Брокөн-Хилл) бар. Кырг-нда В. р-нын кендери негизинен көмуртек-кремнийлуу сланецтер формациясын-да кеңири таралган.
Ад.: Дэнчев В. И., Шиловекий П. П., Ванадий, в сб.: Металлы в осадочных толщах, [т. 2], М., 1965.