ВАЛЬПАРАИСО

ВАЛЬПАРАИСО — Чилидеги шаар, Вальпараисо провинциясынын ад-мин. борбору. Калкы 289 миң (1969). Тынч океандын жээгиндеги маанилүү порт, автомобиль жолдор тоому, т. ж. станциясы. Чилидеги эң маанилүү ө. ж. борбору. Жеңил ж-а тамак-аш ө. ж-лары, металл куюучу, мех., хим., кеме оңдоочу з-ддору; ун-т, политех, ин-т ж. б. окуу жайлары бар.