ВАЛЬДХАЙМ Курт

ВАЛЬДХАЙМ Курт (21. 12.1918-ж. т., Төмөнкү Австрия кыш.) — Австриянын мамл. ишмери, дипломат. 1944-ж. Консулдар академиясын ж-а Вена ун-тинин укук ф-тетин бүтүрөт. Укук илимд. доктору. В. 1945-жылдан дипломаттык кызматта. 1956—60-ж. Австриянын Канададагы өкүлү , 1960—■ 64-ж. Австриянын тышкы иштер министерствосунун саясий бөлүмүндө иштейт. 1968—1970-ж. өлкөнүн тышкы иштер министри. 1964—1968 ж-а 1970— 1971-ж. Австриянын ООНдогу туруктуу өкүлү. 1972-ж. 1-январдан ООНдун Ген. секретары. 1972-ж. июн-да ООНдун Ген. секретары катары СССРге визит м-н келген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *