ВАЛИХАНОВ Чокан Чынгызович

ВАЛИХАНОВ Чокан Чынгызович (1835, Кушмурун кыш., Каз-ндын азыркы Куст анай обл., Жети-Көл р-ну —1865, Алтын-Эмел кыш., азыркы Талды-Коргон обл.) —казактын туңгуч илимпозу, демократ-агартуу-чусу, этнографы ж-а фолькяористи, тарыхчысы. Аблай хандын чөбүрөсү. 1853-ж. Омскидеги аскер окуу жайын (кадет корпусун) бүтүргөндөн кийин Батыш Сибирь губернаторунун карамагында кызмат өтөгөн. 0. Азия м-н Кытай жерине барган бир катар экспедицияларга катышкан. 1858-ж. мусулман соодагери деген ат м-н Тянь-Шань аркылуу өтүп, Кашкарга барып, Чыгыш Түркстандын этнографиясы ж-а Алтышаардын тарыхы б-ча материал жыйнайт. 1860— 61-ж. Петербургда жашап, орус ре-волюционер-демократтарынын идеялары м-н тереңирээк таанышат. В-дун көз караңгынын калыптанышына Г. Н. Потанин, П. П. Семёнов-Тян-Шанский, А. Васильев, А. Н. Бекетов сыяктуу илимпоздор, сүргүнго жиберилген петрашевскийчил С. Ф. Дуров, агалы-ини акындар В. С. ж-а Н. С. Курочкиндер, орустун атактуу жазуучусу Ф. М. Достоевский зор таасир тийгизген. В. географияга, гуманитардык илимдердин ар түрдүү тармагына (тарых, этнография, археология, тил илими) кызыккан ж-а алар б-ча илимий эмгектер калтырган. Мис, О. Азия, Каз-н ж-а Б. Сибирь элдеринин тарыхы ж-а мад-ты тууралуу «Жуптар очерктери» (1861), «Кыргыздар» (казактар ж-дө; 1958-ж. жа-рыяланган), «Абдан» (1861), «Сибирь ведомство-сундагы кыргыздардын сот реформалары жөнүндө» (1904), «Кытай империясынын батыш чеги жана Кулжа шаары» (1958-ж. ж арын ланган), «Алты — шаардын же Кытайдын Нан-лу провинциясынын чыгышын-дагы алты шаардын (Кичи Бухарин) 1858—59-жылдардагы абалы жөнүндө» ж. б. В. казактын туңгуч сүрөтчүсү катары да белгилүү. Элди, жерди ж-а адамдарды дыкат сүрөттөп, илимий иштерин ж-а күндөлүктөрүн иллюет-рациялаган көп сандаган жанрдык, портреттик, пейзаждык иштерди («Чоң Ордонун казактары», «Сартай Сары Багыш уруусунан» ж. б.) жараткан. В. кыргыздын тарыхын, оозеки чыг-ларын, этнографиясын изилдеген. Ал биринчи жолу 1850-ж. Ысык-Көлгө келген илимий-аскер экспедициясына катышат. 1857-ж. Кырг-нга экинчи жолу келет. «Кыргыздагы шаман калдыгы», «Ысык-Көл күндөлүгү» (1861), «Кыргыздардын байыркы учурдагы курал-жаб-дыктары», «Кыргыздардын көчүп-конгон жерлери» (1871) ж. б. илимий эмгектеринде казак, кыргыз элдеринин тарыхы, этнографиясы тууралуу маанилүү маалыматтар берет. В. «Көкөтөй хандын жомогу», «Кошок үлгүлөрү» ж. б. оозеки чыг-ларды жазып алган. «Манас» эпосунун бир бөлүгүн кагазга түшүрүп, аны орус тилине которгон. «Манас» — бир мезгилге келтирилген ж-а бир кишинин — Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз жомокто-рунун, санжыраларынын жыйнагы. Бул —тоодо, талаада жашаган элдин «Илиадасы». «Кыргыздардын жашоо шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, географиялык, диний, медициналык түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы бул өтө зор эпопеядан орун алган»,— деп белгилеп, «Семетейди» «Одиссея» м-н теңештирген.В-дун акындардын токмөлугү, казак ырларынын ритмикасы ж-а түрлөрү тууралуу ой жүгүртүүлөрү айрыкча кызыгуу туудурат. В. казак феодалдарынын зордук-зомбулугун, падышачылыктын колонизатордук саясатын айыптаган; казактардын отурукташканын, дыйканчылык кылганын колдогон ж-а пропагандала-ган; алардын орус мад-тына жакындашып, коомдук-маданий жактан артта калуучулуктан кутулушун жактаган; диндин реакциячыл ролун ашкерелеген. В. агартуу системасына ж-а коомдук турмушка айрым реформалар киргизүүнүн маанисин ашыра баалап, өкмөттүн иш-чаралары көчмөн айылдардын турмушун кайра курууга өбөлгө түзөт деп ойлогон. Коомдук турмушту түшүндү-рүүдө идеалист бойдон калса да, В. тарыхый прогресстин жетер максаты материалдык жыргалчылык™ арттыруу болуп, адамзаттын ар кыл аракети социалдык шарттарга байланыштуу деп түшүнгөн. В-дун идеялары Алтынсарин, Абай Кунанбаев ж. б. казак агартуучуларынып эмгектеринде улантылат.
Чыг.: Собр. соч. в пяти томах, т. 1—4, А.-А., 1961—68.
Ад.; Өмүрзаков С, Чокон Валиха-нов, к-пте: Тар жол, тайгак кечүү менен, Фр., 1963, 48—61-6; Забелин И. М., Чокан Валиханов, Фр., 1960; Сегизба-е в О. А., Мировоззрение Ч. Валиханова, А.-А., 1959; Чокан Валиханов в воспоминаниях современников, А.-А., 1964; Маргулая А., Шокан жане «Манас», А., 1972.