ВАЛЕРИАНАЛАР

ВАЛЕРИАНАЛАР (Valerianaceae) — эки үлүштүүлөр классындагы тукум. Бир же көп жылдык чөп. Алардын ичинде бадалдары ж-а бадал сымал-дары да бар. Жалбырактары сабакта тушташ жайгашкан. Чатырчадай же шыпыргыдай топ гүлү болот. Гүлдөрү 2 же 1 жыныстуу. Мөмөсү — урукча. В-дын 13 уруусу, 400дөн ашуун түрү белгилүү. Көбү Түш. Америкада, Жер Ортолук деңизинин жээктеринде өсөт. СССРде 5 уруусу, 70тен көп түрү, анын ичинде Кырг-нда 3 уруусу, 14 түрү бар. В-дын валериана ж-а патринияга окшогон түрлөрүнүн тамырларынан даярдалган дары жүрөк, кан тамыр, нерв система ооруларын дарылоодо колдонулат. В. дары алуу үчүн атайын өстүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *