ВАЛЕНТТҮҮЛҮК

ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (лат. valentia -күч) — бир элементтин атому башка элементтин белгилүү сандагы атом-дорун кошуп алуу же орун алмашуу жөндөмдүүлүгү. Д. И. Менделеев В. м-н мезгилдик системадагы элементтердин ээлеп турган орундарынын ортосундагы байланышты ачып, илимге өзгөрмө В. ж-дөгү түшүнүктү киргизген. Электрон ачылып, атом-дун түзүлүшү ж-дөгү окуу өнүгүү м-н В. теориялык жактан түшүндүрүл© баштайт (В. Коссель ж-а Г. Лыо-ис). Атомдордун өз ара аракеттениши, электрондун бир атомдон экинчи атомго өтүшү м-н жүрөт. Мында өзүнүн электронун берген атом оң, кошуп алган атом терс заряддалган иондорго айланат, б. а. оң ж-а терс валенттүү болот. Металлдар элект-рондорун берип оң, ал эми металл эместер кошуп алып, терс В-тү көрсөтөт. Бирок көп учурда хим. өз ара аракеттенүү электрондордун бир атомдон экинчи атомго өтүшү м-н гана болбостон, атомдор бир бири м-н жуп электронду пайда кынуу м-н да биригет. Бул Лыоистин коваленттүү-лүк теориясы м-н түшүндүрүлөт. Мындан башка дагы металлдык В. белгилүү. Ал металлдык байланышты түзүүгө катышуучу электрондордун санын көрсөтөт. В-түн физ. ж-а хим. толук мааниси квант-мех. теория иштелип чыккандан кийин гана аныкталган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *