ВАЛЕНТТҮҮЛҮК

ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (тил илиминде) — тил элементтеринин (мис, фо-пеманын, морфеманын, сөздүн ж. б.) өзүндөй эле экинчи бир элемент м-н айкашуу жарамдуулугу. В. категория б-ча же жекече болушу мүмкүн. Тилдин жогорудагыдай элементтеринин В-гү аларды белгилүү топторго бириктирүүгө негиз болот. В. көбүнчө синтаксисте эсепке алынып, ага мүнөздүү тилдик кубулуштарды формалдаштырып талдоодо кеңири колдонулуучу ыкмалардан.