ВАЛДАЙ ДӨҢСӨӨСҮ

ВАЛДАЙ ДӨҢСӨӨСҮ, Валдай — Орус түздүгүнүн түн.-батыш бөлүгүндөгү дөцсөө. Ленинград, Новгород, Калинин, Псков, Смоленск обл-тары-нын аймагында. Уз. 600 км, бийикт. 150—250 м, эң бийик жери 343 м. Дөңсөөдөн Волга, Батыш Двина, Ло-вать, Мста, Сясь, Молога ж. б. дарыялар башталат. В. д-нө Тихвин, Мегор тоо тизмектери, Вепса дөңсөө-сү ж. б. кирет. Түн.-батыш капталдарга тик, түш.-чыгышы жантайыңкы, көлдөрү көп, эң чоңдору — Селигер, Пено, Волго ж. б. В. д.— туристтик жай.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *