ВАЛАХИЯ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВАЛАХИЯ — Румыниянын түштүгүндөгү тарыхый область. Карпат тоолору м-н Дунай д-нын ортосунда. Б. з. 106—271-ж. бул аймак Рим империясынын карамагында болгон. 3-к-дын аягында В-ны готтор м-н ге-пиддер, 4—6-к-да гунндар м-н авар-лар ээлейт. 6-к-да бул жерге славян уруулары келе баштайт. 8—10-к-да В-нын бир кыйла аймагы Болгария-нын 1-падышалыгынын составына кирген. И—12-к-да печенегдер, поло-вецтер, торктор ээлеген; В-нын бир бөлүгүн 13-к-да татар-монголдор басып алган. В. 1324-ж. өз алдынча мамлекет, (княздык) болгон. Бирок ал княздык 15-к-дан Турцияга салык төлөй баштап, 16-к-да биротоло баш иет. 1826-ж. Россия м-н Турция түзгөн Аккерман конвенциясы В-да өзүн өзү башкаруу укугун калыбына келтирген. 1828—29-жылдагы орус-түрк согушун аяктаткан Адрианополь тынчтык договоруна (1829) ылайык Россиянын кепилдиги м-н В-нын авто-номиясы камсыз кылынат да, 1829— 34-ж. аны Россия башкарып калат. 19-к-дын 40-жылдарынан В-да ‘ рев-ячыл-демокр. кыймыл башталып, калк арасында Молдовага кошулуу аракети өсөт. 1858-жылдагы Париж конвенциясынын негизинде 1859-ж. январда чакырылган Шайлоо чогулушу В. м-н Молдованы бирдиктүү мамлекетке кошуп, көп узабай ал Румыния деп аталат (к. Румыния. Тарыхый очерки).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *