ВАЛАКЫШ

ВАЛАКЫШ—Ош обл-нын Фрунзе р-нундагы Кара-Дөбө сельсоветине караштуу кыштак. Исфайрам суусунун чыгыш жээгинде, Ленин атн. к-здун аймагында. Райондун борбору Фрун-зенскийден 43 км түн.-чыгыш тарапта, Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 8 км. Калкы 430 (1971). Башталгыч мектеп, пионер лагери бар.