ВАКЦИНОТЕРАПИЯ

ВАКЦИНОТЕРАПИЯ (вакцина ж-а терапия) — айрым жугуштуу ооруларды вакцина м-н дарылоо методу. Ал И. И. Мечниковдун фагоцитоз ж-дөгү окуусуна негизделген. В. орга-низмдө иммунитет пайда кылуу максатында колдонулат. В. адамга, көбүнчө өлүү вакцинаны теринин астына, көк кан тамырга ж-а булчуң-дарга ийне саюу аркылуу жүргүзүлөт. Боюнда бар кезде (бала жетиле баштаганда), жүрөк, бөйрөк ооруган учурда В-ны колдонууга болбойт. Малга, көбүнчө уларма жугуштуу ылаңдарга, мис, бруцеллёз, туляремия, колибактериоз, стафилло-кокктуу инфекцияларга каршы В. жүргүзүлөт. Ал үчүн өлүү микроб-дуу вакцина, анавакцина, анатоксин, антивирус, аутовакцина, бактерио-фагдар ж. б. пайдаланылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *