ВАЙОМИНГ

ВАЙОМИНГ — АКШнын батышында-гы тоолуу штат. Аянты 253,6 миң км2. Калкы 328 миң (1970). Админ. борбору — Шайенн ш. Жеринин көпчүлүк бөлүгү тоолуу. В.— экон. жагынан начар өнүккөн штат. А. ч-нын башкы тармагы — мал багуу. Аянтынын 5,5% гана айдоо. В-дин түзөң-дөрүндө буудай, кызылча, сулу, арпа эгилет. Ө. ж-ы нефть чыгаруу ж-а аны иштетүү м-н байланыштуу. Уран, темир рудалары, курулуш материалдары казып алынат. Штатты трансконтиненттик т. ж. кесип өтөт. Атактуу Йеллоустон улуттук паркы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *