ВАЙГАЧ

ВАЙГАЧ — Түн. Муз океанындагы арал, Баренц ж-а Карек деңиздери-нин ортосунда жатат. Материктен Югор Шар кысыгы, Жаңы Жерден Карек Дарбазасы бөлүп турат. РСФСРдин Архангел обл-ндагы Ненец улут округунун составында. Аянты 3383 км2, уз. 100 км ге жакын, туурасы 45 км. Батыш жээги булуң-буйткалуу, чыгыш жагынын айрым жерлери тик келип, аскалуу. Негизинен палеозой ж-а пермде пайда болгон чополуу сланец, аки таш теги ж-а кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты катаал. Июнпун орт. темп-расы 5°С, февралда — 20°С Суулары анча узун эмес (20—40 км), босого ж-а шаркыратмалар көп. Тундра өсүмдүктөрү м-н капталган түзөңдөрдө саз ж-а майда көлдөр көп. Жээктен Вайгач, Варнек, Долгая Губа посёлкалары жайгашкан. ВАЙНЕРТ Эрих (4. 8. 1890—20. 4. 1953) — немец акыны. Инженердин үй-бүлөсүндө туулган. 1929-жылдан коммунист. 1937—38-ж. Испанияда фашизмге каршы күрөшкөн. 1935— 46-ж. келип-кетип СССРде жашаган. 1946-жылдардан ГДРде соң. немең мад-тын курууга белсенип катышкан. В-тин ырлары, аңгемелери, пье-салары фашизмге каршы багытталып, демократтык мүнөзгө ээ. Негизги чыг-лары: «Эрих Вайнерт сүйлөйт» (1930), «Рот-фронт» (1936), «Немец солдаттарына» (1942), «Анык душманга каршы» (1944), «Дүйнөлүк тарыхтын экинчи главасы» (1947), «Испания тууралуу китеп» (1951).